Тажикстан менен чек арага жакын жерде жоголгон уландар боюнча УКМК үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековУКМКнын Бишкектеги имараты. Архив
УКМКнын Бишкектеги имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Бешкент айылында жашаган аял "Кулунду" чек ара заставасынын жетекчисине кайрылып, эки уландын жок болуп жаткандыгын айткан. Окуя  Тажикстан менен чектешкен аймакка жакын жерде болгон.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандык эки уландын  Тажикстан менен чектешкен аймакка жакын жерде жок болуп жаткандыгын тактоо максатында КРдин Чек ара кызматынын Лейлек району боюнча өкүлдөрү Ганчинск аймагындагы тажикстандык кесиптештери менен жолукту. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. 
Эске салсак,  бүгүн социалдык тармакка эки уландын түндөтөн бери жок болуп жатканы боюнча видео тараган. Анда Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын жашоочусу кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта курулуп жаткан тигүү цехинде иштеген уулу менен анын досу жоголуп кеткенин айтып, ыйлап жатканы тартылган.
Ыйлап жаткан эне балдарды таап берүүгө жардам сурап кайрылган.
"24-апрелде "Кулунду" чек ара заставасынын жетекчисине Лейлек районундагы  Бешкент айылынын жашоочусу кайрылган. Анда аял 2002-жылы туулган А. Д. жана 2002-жылы туулган К. К. у. аттуу балдардын жок болуп жаткандыгын айтып, табууга жардамдашууну суранган. Алар Сай аймагында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жарандар болгондугун билдирген", —деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.
Ведомстводон тиешелүү органдар уландарды издөө боюнча иштеп жаткандыгын кошумчалашты. Учурда чек ара тилкесинде абал тынч.
Буга чейин өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн уландардын бири 21 жашта экендигин билдирген эле. Ал эми УКМК жоголуп жаткан эки жаран тең 19 жашта деген маалымат берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0