Свердлов РИИБ жаңы кармаган кишини качырып жиберип, түндө тапты. Чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого
Арест подозреваемого - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Жазылуу
Милиция кармалган киши имараттан кантип чыгып кеткенин айтты. Буга жол берген укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракети боюнча иликтөө башталды.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кечээ күндүз Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан бир киши качып кетип, түндө табылды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Милиция окуянын чоо-жайын да айтып берди.
Киши долларларды санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
"Ош" базарынан аялдын сумкасынан 10 миң доллар уурдады делген киши кармалды
Кечээ 13:00дөр чамасында Менделеев көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинен белгисиз адам кездеме уурдап кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Милиция баргыча цехте иштегендер шектүүнү кармап турган. Аны ИИБге алып келишип, уурулук беренеси боюнча кылмыш ишин козгошкон.
Маалыматка ылайык, эркек киши өзүн 33 жаштагы Т. А. деп тааныштырып, манжа издери алынган.
"Милиция алып келинген кишинин шектүү же күбө экенин аныктай элек болчу. Өзү уурулукка такыр катышы жок экенин айтып, жактоочу талап кылып Свердлов ИИБдин үчүнчү кабатынын коридорунда турган. Милиционерлер чогултулган материалдарды жол-жоболоштуруп жатканынан пайдаланып 14:50лөр чамасында имараттан чыгып кетип калган", — деп билдирди ШИИББ.
Издөө аракеттери жүргүзүлүп, эркек киши түн ичинде кармалган. Анын качып кетишине жол берген милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0