Кыргыз-тажик чек арасындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан

Чек ара чыры. Баткендеги соңку кырдаал боюнча онлайн-репортаж

Жазылуу
28-апрель күнү күндүз Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин ташка алган. Кечке маал абал салыштырмалуу турукташып, бирок таңга маал кайрадан курчуган.
Окуя учурунда төрт кыргызстандык жана беш тажикстандык жаракат алганы айтылат. Эки өлкөнүн Чек ара кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары сүйлөшүү жүргүзүп, алгач бир пикирге келе алган эмес.
Мазмуну
12:57 29.04.2021
11:50 29.04.2021
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
01:57 30.04.2021

Президент Садыр Жапаров находится на своем рабочем месте – в Доме Правительства. Глава государства ежечасно получает...

Опубликовано Галиной Байтерек Четверг, 29 апреля 2021 г.
01:56 30.04.2021
Деятельность Генеральной прокуратуры КР - Sputnik Кыргызстан, 1920
Тынчтыкка каршы кылмыш. Башкы прокуратура чек арадагы жаңжал боюнча иш козгоду
00:41 30.04.2021
00:22 30.04.2021

Баткендеги чыр чыккан аймакта ок атуу токтоду. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Аталган кызмат кыргыз-тажик чек арасындагы саат 23.45ке карата абал боюнча маалымат берди.

"Чыр чыккан аймакта ок атуу токтоду. Баткенге чогулган Чек ара кызматынын бөлүктөрү жергиликтүү бийлик, укук коргоо органынын кызматкерлери менен биргеликте абалды курчутууга жол бербөө боюнча бардык чараларды көрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

00:22 30.04.2021

Баткендеги чек ара чырынан жалпысынан үч кыргызстандык каза таап, 51 адам жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Саат 23.30га карата берилген маалыматта, эки киши Баткен облустук ооруканасында көз жумганы, ал эми Лейлекте жаракат алган 13 жашар кыз ооруканага бараткан жолдо үзүлгөнү айтылат.

23:47 29.04.2021

Жергиликтүү кабарчынын алдында ушу тапта имарат алдында 500дөй эркек киши турат. Алар жетекчиликитен чек ара чырын тезирээк жөнгө салууну талап кылышууда.

Митинг у здания областной администрации в Баткене - Sputnik Кыргызстан
22:40 29.04.2021

29-апрель, саат 22:30га карата кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган кыргызстандыктардын саны 46 адамга жетти. Булардын ичинен бир адам көз жумган, бир киши дарыгердин текшерүүсүнөн соң үйүнө жиберилген.

Бул сааттарда 44 киши Баткен облусунун аймагындагы ооруканаларга жаткырылган.

22:24 29.04.2021

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода пландалбаган эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Двусторонняя встреча премьер-министров Кыргызстана и Таджикистана - Sputnik Кыргызстан
21:19 29.04.2021
21:09 29.04.2021

Бир нече сүйлөшүүлөрдөн соң саат 20:00дө (29-апрель) Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы жаңжалды толук токтотуу жана куралдуу күчтөрдү мурдагы жайгашкан жерине жайгаштыруу боюнча сүйлөшүү чечимине келди. Бул туурасында ТИМден кабарлашты. 

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирген эле.

"Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен сүйлөштү. Бул учурда Казакбаев кыргыз тарап башка өлкөнүн аймагына кызыкпасын, ошол эле учурда өзүнүн жерин дагы эч кимге бербей турганын белгиледи, — деп айтылат билдирүүдө.

ТИМдин маалыматына караганда, тараптар кыргыз-тажик чек арасынын жаңжал чыккан аймагында саат 20.00гө карата ок атуулар толугу менен токтотулуп, аскердик күчтөрдү алып кетүү чечимин кабыл алышты.

Казакбаев абалды жөнгө салуу үчүн тараптар чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын катышуусунда сүйлөшүүлөр жүрүшү керектигин билдирди.

Ошондой эле жакынкы сааттарда эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү күтүлүп жатканы кошумчаланды. 

 

21:00 29.04.2021

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын тышкы сыясат ведомствосу менен Баткендеги чек ара боюнча кырдаалды жөнгө салуу үчүн  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

"Эки өлкөнүн жогорку бийлик органдары менен Тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эки сааттан бери улам-улам тыныгуу алып, абалды жөнгө салууга арает кылып жатабыз", — деди Казакбаев.

 

20:54 29.04.2021

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстандык аскерлер менен техникалар көбөйө баштады. Учурда тирешүү дагы деле тыйылбай, атышуу токтой элек. Бул маалыматтарды Кыргызстандын чек ара кызматынан кабарлашты.

Баткен районундагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайына кыргыз тарап толугу менен көзөмөл кылып турат.  

20:47 29.04.2021

29-апрель, саат 20:00гө карата Баткен аймагындагы ооруканаларга түшкөн адамдардын саны 31ге жетти.  Алардын бири каза тапса, бирөө үйүнө жиберилген. 26 адам ок жеп, ар кыл жаракаттары менен Баткен облустук ооруканасында жатат.

Дагы эки киши Самаркандек жана Лейлек аймактарындагы ооруканаларына жеткирилген. Эки жаран оор абалда жатат.

20:11 29.04.2021

Премьер Улукбек Мариповдун Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен жолугаары пландалып жатканын өкмөттөн кабарлашты. 

"Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында, бүгүн, 29-апрелде аталган уюмдун жыйынынан кийин Мариповдун Тажикстан премьери   Расулзода менен мурда пландалбаган эки тараптуу жолугушуусу өтөөрү күтүлүүдө", - деп айтылды. 

19:45 29.04.2021
19:22 29.04.2021

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 17:00дөр чамасында тажик тарап Кыргызстандын "Капчыгай, "Миң-Булак", "Достук", чек ара заставалары менен "Кожогар", "Булак-Башы" чек ара постторун миномет менен аткылаган. Натыйжада Баткендеги "Достук" чек ара заставасы өрттөнүп кеткен.

"Мындан улам Тажик тарапка жооп катары Кыргызстан УКМКсынын "Бөрү" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүн Тажикстандын "Ходжа Аълло" чек ара заставасын басып кирди", — дешти УКМКдан.


Кыргыз-тажик чек арасынын аймагына эки тараптан тең кошумча күчтөр тартылууда.

 

 

19:14 29.04.2021
Эвакуация жителей приграничных сел Баткена - Sputnik Кыргызстан

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак болгон аймактан учурда 800гө чукул адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак-аш жана керектүү буюмдар менен камсыздап жатат.

19:12 29.04.2021

Саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлиги Баткен облусуна 54 тонна азык-түлүк жөнөттү. Жүктү Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алып кетти.

19:04 29.04.2021
Министерство иностранных дел Узбекистана - Sputnik Кыргызстан, 1920
Өзбекстандын ТИМи кыргыз-тажик чегиндеги чырга байланыштуу билдирүү жасады
18:56 29.04.2021

Жалпы коопсуз аймакка көчүрүлгөн элдин саны 848ди түздү. Анын 498и Баткен шаарына, 350 Лейлек районуна көчүрүлдү. Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматары аларды тамак аш жана керектүү нерселер менен камсыздап жатат.

18:49 29.04.2021

Күйүп жатканы тартылган застава кайсыл жерде жайгашкандыгы такталууда.

18:46 29.04.2021

"Абал чыңалуу бойдон калууда, бирок күч түзүмдөрү тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Андан сырткары, жарандарды коопсуз райондорго жеткирүү иштери жүрүүдө", - деп кабарлады ИИМ. 

18:38 29.04.2021

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен облустук милициясынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүгүнүн өздүк курамын түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча координациялоо үчүн Баткен облусуна барды.

Жеринде күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук тартипти күчөтүлгөн тартипте камсыздап жатат.

Милиция кызматкерлери  блок постторду коюп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

18:24 29.04.2021

"Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды талкуулаган жыйынга чогулду. Эртең айрым эл өкүлдөрүнүн Баткенге барып, элден кабар алуусу күтүлүүдө", - деп билдирди ЖКнын маалымат кызматы. 

18:24 29.04.2021
Митинг у дома правительства из-за ситуации на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан
18:11 29.04.2021

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда бир кыргызстандык каза тапты. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. 

Саат 18:00гө карата Баткен облустук ооруканасына жарадар болгон 5 адамды алып келишкен. Дагы бир  киши Лейлектеги ооруканага түштү.

Жарадар болгондордун саны 17 адамга жетти.

18:04 29.04.2021

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү жасады. 

"Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам.
Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз.
Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат. Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам", - деген 

Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка,...

Опубликовано Садыром Жапаровым Четверг, 29 апреля 2021 г.
17:58 29.04.2021
Конфликт на границе Кыргызстана с Таджикистаном  - Sputnik Кыргызстан, 1920
Чек ара чыры: үч айылдан чыгарылган 400 адам Баткен шаарына жеткирилди
17:25 29.04.2021

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү.

Кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдагы чыңалууну жумшартуу, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо жана чек ара аймагындагы жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланган. 

"Жапаров учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн тийиштүү бардык мамлекеттик органдар тарабынан чара көрүлүшү керектигин белгиледи", - деп билдирген мамлекет башчынын маалымат кызматы. 

17:21 29.04.2021
Встреча президента КР Садыра Жапарова с членами Совета по отбору судей - Sputnik Кыргызстан, 1920
Садыр Жапаров чек ара чырынан улам Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү
17:19 29.04.2021

Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта жабыркап, медиктерге кайрылгандарды жалпы саны 11 адам экендигин билдирди. Алардын бирөө амбулатордук жардам алса, калгандары Баткен облустук ооруканасына жаткырылган.

Алардын ичинен жети адам ок жеп түшсө, үчөөнүн абалы оор экени айтылды. Учурда эки кишиге операция жасалганы кабарланды.

16:58 29.04.2021

Президент Садыр Жапаров Баткендеги абал боюнча ыкчам жыйын өткөрдү. Анын жыйынтыгында кырдаалды жөнгө салып жана абалды иликтеп чыга турган жумушчу топ түзүлүп, аны биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков жетектемей болду.

Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабаралашты.

16:44 29.04.2021

"Ушул тапта Баткен облусунун аймактык ооруканасына жарадар болгон жети жаран жаткырылды. Алардын ичинен эки кыргызстандыктын абалы оор, жай тургундар эвакуацияланды. Атышуу болгон жерден дагы 15ке жакын жабырлануучулардын келиши күтүлүүдө", - деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы. 

16:10 29.04.2021

Митинг "Баткен, сен жалгыз эмессиң" деп аталат. Алар Баткен облусундагы чек ара жаңжалына бийлик тарабынан көңүл бурулуп тез арада чечилишин талап кылышууда. 

 

15:55 29.04.2021

"Урматтуу Кыргыз элим! Мен кечээ 28.04. эртең менен ден соолугумду каратуу үчүн Германияга учуп кеткен элем, бирок бүгүнкү Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учуп чыктым. Больницага жетпей кайттым, буюрса, түнү менен жетип барам. Баарыныздарга сабырдуулук тилеймин. Мекендин чеги өмүрдөн да кымбат, ынтымакта баарын жеңебиз!!!", - деп жазган социалдык тармактагы баракчасына. 

Урматтуу Кыргыз элим! Мен кечээ 28.04. эрте менен ден соолугумду каратуу учун Германияга учуп кеткен элем,бирок бугунку...

Опубликовано Камчыбеком Ташиевым Четверг, 29 апреля 2021 г.
15:43 29.04.2021

"Шаршеев ал жердеги абалды координациялап, чек арага жакын аймактагы тажикстандык чек арачылар козуткан куралдуу чатакты жоюу боюнча чараларды көрө баштады", - деп билдирди УКМК. 

15:41 29.04.2021

Тажикстандын ИИМинин спецназ күчтөрү менен Чек ара кызматынын аскерлери 29-апрелде саат 14:00дө жапырт аткылоону баштады. Алар миномет, пулемет жана автоматтардын Баткен районундагы Көк-Таш айылындагы "Головной" деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайдан ок чыгарган.  Бул маалыматты Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинен билдиришти. 

15:20 29.04.2021

Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аларды Тез жардам 14:30да Баткен облустук ооруканасына жеткирген. Маалыматта алардын алган жаракатын дарыгерлер карап жатканы айтылды.

15:06 29.04.2021

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагында токтоосуз атышуунун жана жарылуунун үндөрү угулууда.  

Окуяга күбө болгондор социалдык тармакка атышуунун видеосун жарыялашты. Кадрдан траншеядагы адамдарды көрүүгө болот. 

15:05 29.04.2021

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кечээ, 28-апрелде дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди.

14:59 29.04.2021
14:25 29.04.2021

Парламенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, депутаттар бүгүн саат 16:00дө чек ара маселесин карап, өкмөттүн маалыматын угат.

Соңку маалымат боюнча Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал турукташа элек. Жергиликтүү тургундар ок атышуулар болуп жатканын айтууда.

13:52 29.04.2021

Аймакта ок атуу токтой элек.

13:50 29.04.2021

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагындагы кырдаалга байланыштуу чек аралаш аймактын тургундарына түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода чек арадагы абал боюнча эки ирет телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Суваналиевдин тапшырмасы менен биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозовдор чек арада топтолгон жарандар менен жолугуп, жаралган бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге кырдаалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Жетекчилер абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин айтып, элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырып жатышат.

Аймакта эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолугуп, сүйлөшүүдө.

13:22 29.04.2021

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чыр чыккан аймакка Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан жалпы 16 куткаруучу чыгып кеткен. Билдирүүдө ӨКМ чыр менен коштолгон жердеги жарандарга тиешелүү жардам берүүгө 100 пайызга даяр экени айтылат.

29.04.2021 БАТКЕН: ӨКМ ЖАРАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮГӨ ДАЯР! 28-апрель күнү Ак-Сай айылында чек-ара маселеси боюнча такталган...

Опубликовано МЧС Кыргызстана Среда, 28 апреля 2021 г.
13:08 29.04.2021

Социалдык тармакта жергиликтүү тургундар чогулуп, өлкө жетекчилигине кайрылуу жасаган видеолор тарап жатат. Анда жашоочулар президент Садыр Жапаровдун, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана премьер-министр Улукбек Мариповдун келип, көйгөйдү чечип берүүсүн талап кылышууда. Маалыматты Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаты Мухтарали Халмурзаев да тастыктады.

12:57 29.04.2021
Конфликт на границе Кыргызстана с Таджикистаном  - Sputnik Кыргызстан
12:26 29.04.2021
Конфликт на границе Кыргызстана с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920
Жети адам жаракат алды. Чек арадагы чыр боюнча тажик тараптын позициясы
12:12 29.04.2021
Конфликт на границе Кыргызстана с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан
12:04 29.04.2021

Ушу тапта Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы аймакта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Облустук башкармалык тажик тараптын ок атуусу боюнча 266 жана 39-130-беренесинин ("Бейбашчылык" жана "Адам өмүрүнө кол салуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш башталганын айтты.

11:51 29.04.2021
Конфликт на границе Кыргызстана с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан
11:49 29.04.2021
11:44 29.04.2021
Заместитель секретаря Совета безопасности КР Омурбек Суваналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920
Согд губернаторун Исфара акими укпай койгон. Баткендин башчысы Суваналиев үн катты
11:26 29.04.2021

Кыргыз-тажик чек арасында бүгүн абал турукташып бара жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Анын айтымында, акимчилик, айыл башчылары, күч түзүмдөрү иштөөдө.

"Кечээтен тарта абалды турукташтыруу менен алекпиз. Азыр абал өзгөрүлмөлүү болуп, кайра тынчып, кайра чыгып кетип жатат. Элдин коопсуздугун сактоо максатында алдын ала иш жүргүзүп жатабыз. Кечээ, 28-апрелде, Согди делегациясы менен биздин делегациянын сүйлөшүүсү аяктап, маселе чечилип калганда саат бештерде чагымчылдык болуп кетти. Алардын чиновниктери жетекчилеринин сөзүн укпай койду", — деди Суваналиев.

11:07 29.04.2021

Көк-Таш айылынын Төрт-Көчө участкасы аркылуу өткөн Исфана — Ош жолу жабылып, унаалар өткөрүлбөй жатат. Маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова тастыктады.

Анын айтымында, Лейлек районунан Баткенди көздөй келген унаалар Ош тарапка өтө албай, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө участкасында токтоп турат.

Аталган аймак тажик жарандары тарабынан эки тараптуу жабылган. Оштон Лейлек тарапты көздөй бараткан унаалар да өткөрүлбөй жатат.

11:05 29.04.2021

Баткен районунун өзгөчө абал режими киргизилген үч айыл өкмөтүнүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

11:04 29.04.2021

Суваналиевдин буйругу менен чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

11:03 29.04.2021

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул туурасында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мындай чечим Баткен районунун акими тарабынан кабыл алынган. Облус башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылат.

10:56 29.04.2021

Акыркы маалымат боюнча жаракат алган кыргызстандыктардын биринин абалы оор экени айтылууда. 

Ситуация вокруг Нагорного Карабаха - Sputnik Кыргызстан, 1920
Ок тийген адамдын абалы оор. Чек ара чырында 4 кыргызстандык жаракат алды
Жаңылыктар түрмөгү
0