Баткендин үч айылына өзгөчө кырдаал режими кирди. Учурда абал кандай

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАскер кызматкери машыгуу учурунда. Архив
Аскер кызматкери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Ак-Сай айылына, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасына эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул туурасында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Мындай чечим Баткен районунун акими тарабынан кабыл алынган. Облус башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалымдалат.
"Чек арадагы абал облус башчысынын көзөмөлүндө. Ак-Сай айылында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында учурда абал туруктуу. Бирок чыңалуу бар. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек. Жеринде облус жетекчисинин орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо үчүн ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Суваналиевдин буйругу менен чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Баткендеги жаңжал

28-апрель күнү күндүз Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Чек ара чыры. Баткендеги соңку кырдаал боюнча онлайн-репортаж
УКМК берген маалыматтарга караганда, тажикстандыктар болжолдуу чек ара сызыгынан 2-3 метр аралыкта тажик жарандары шагыл жүктөөгө келгенде Кыргызстандын чек арачылары токтотууну талап кылышкан. Бирок алар макул болгон эмес. Мындан улам чек арачылар курал колдонорун айтып, эскертүү беришкен. Коңшу өлкөнүн жарандары ошондо гана токтошкон. Андан соң тажик тарап Көк-Таш айылындагы "Головной" суу таратуучу пунктунун аймагындагы мамыларга көзөмөл камерасын орното баштаган. Бул учурда Кыргызстандын Чек ара кызматынын жана Баткен облустук милициясынын өкүлдөрү барып, ишти токтотуусун талап кылышкан.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин ташка алган. Кечке маал абал салыштырмалуу турукташып, бирок таңга маал кайрадан курчуган.
Окуя учурунда төрт кыргызстандык жана беш тажикстандык жаракат алганы айтылат. Алардын ичинен бир кыргызстандыкка ок тийип, оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап дагы бир жараны ок жегенин айтып, бирок Кыргызстандын чек арачылары курал колдонбогонун билдирди.
Эки өлкөнүн Чек ара кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары сүйлөшүү жүргүзүп, алгач бир пикирге келе алган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0