Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланганы кеткени белгилүү болду

195
(жаңыланган 15:35 29.04.2021)
Ташиев Мамлекеттик чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын жетекчиси.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени белгилүү болду. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Ташиев кечээ, 28-апрелде, ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кеткени айтылат. Кайсы өлкөгө канча мөөнөткө кеткени боюнча маалымат жок.

Белгилей кетсек, октябрь окуяларынан кийин Чек ара кызматы УКМКнын курамына кирген. Ташиев Мамлекеттик чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын жетекчиси.

195
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, чек ара, Баткен, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (218)
Тема боюнча
Чек ара чыры: тургундар Жапаров, Ташиев, Мариповдун келишин талап кылууда
Өкмөт үйүнүн алдында чек ара чырын чечүү талабы менен митинг өтүп жатат. Видео
Чек арадагы чыр боюнча ЖК депутаттары жыйынга чогулмай болду
Рио-де-Жанейро шаарында метродо атышуу

Бразилияда метродо атышуу болуп, 25 киши көз жумду. Видео

67
(жаңыланган 00:31 07.05.2021)
Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында метродо полиция менен баңгизат сатуучулардын арасында атышуу болуп, 25 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, шаар полициясы баңгизат сатуучуларды кармоо үчүн атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 24 шектүү жана полициянын бир офицери каза болгону айтылат. Алардан тышкары төрт адам жаракат алган. Экөө жай тургун экени кошумчаланды.

67
Белгилер:
өлүм, видео, атышуу, полиция, Бразилия
Тема боюнча
Баткендеги үйдөн Ми-24 тик учагынан атылган авиаракета табылды. Видео
Сотрудник новой Патрульной службы милиции по городу Бишкек держит рацию во время презентации пилотного проект

Милиция Лебединовкада уурдалган кызды табууга элден жардам сурап жатат. Сүрөт

127
(жаңыланган 19:55 06.05.2021)
5-май күнү 23:00дө Лебединовка айылындагы супермаркеттердин биринин жанынан белгисиз адамдар 25 жаштагы кызды уурдап, Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкен.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында Лебединовкада 25 жаштагы Изят Курбанова аттуу кызды уурдоого 24 жаштагы Мамаяров Абдумалик Абдрахманович шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

6-май күнү түнкү саат 02:00дө Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 19 жаштагы кыздын арызы келип түшкөн. Анын айтымында, 5-май күнү 23:00дө Лебединовка айылындагы супермаркеттердин биринин жанынан белгисиз адамдар 25 жаштагы эжесин уурдап, Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкен.

Тартип сакчылары шектүүнүн ким экенин аныктап жашаган жерине барганда анын туугандары баласы кайсы жакта жүргөнүн өздөрү дагы билбей жатканын айтышкан. Ал эми кыздын туугандары кыз менен бала буга чейин сүйлөшүп жүргөнүн билдиришкен.

"Учурда Чүй ИИББ менен Аламүдүн ИИБдин эң тажрыйбалуу милиция кызматкерлери ыкчам-издөө аракеттерин жүргүзүп жатат. Шектүү менен кыздын бардык байланыштары изилденүүдө", — дешти милициядан.

Чүй облустук ИИББ 1995-жылкы Изят Курбанова менен 1997-жылкы Абдумалик Мамаяровду көргөн-билгендер болсо 0312 43 01 27, 43 88 85, 0701 26 63 01, 0312 36 35 27 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.

127
Белгилер:
издөө, милиция, уурдоо, кыз, Лебединовка
Тема боюнча
Бишкекте чак түштө 17 жаштагы улан уурдалды. Кармалган шектүүлөрдүн сүрөтү