Чек ара чыры. Баткенде тынбай ок атылган видеолор тарай баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековКалашников автоматы. Архив
Калашников автоматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Күбөлөр социалдык тармакта тараткан видеодон адамдар казылган жерде баш калкалап жатышканын көрүүгө болот.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагында тынбай ок атылып, жардыруулар угулуп жатат.
Күбөлөр жеринен видео тартып социалдык тармактарга жарыялоодо. Андан адамдар казылган жерде баш калкалап жатышканын көрүүгө болот.

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Окуя учурунда төрт кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөө ок жеп оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Баткен облусунун Кой-Таш айылындагы аскер кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жети адам жаракат алды. Чек арадагы чыр боюнча тажик тараптын позициясы
Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери талаштуу 70 аймактын тагдырын чече албай келет.
Ал эми кыргызстандын борбору Бишкек шаарында чек ара чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулмай болду.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0