Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы аскер кызматкерлери

Баткенде жаракат алгандардын саны 20дан ашышы мүмкүн. ӨКМдин билдирүүсү

152
(жаңыланган 17:10 29.04.2021)
ӨКМ атышуу болгон жерден ооруканага дагы 15ке жакын жабырлануучунун келиши күтүлүп жатканын билдирди. Учурда жети киши дарыланууда.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда ооруканага түшкөндөр жана жаракат алгандар тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Баткен облусунун аймактык ооруканасына жети киши жаткырылды.

"Алардын экөөсүнүн абалы оор. Жай тургундар эвакуацияланды. Атышуу болгон жерден дагы 15ке жакын жабырлануучунун келиши күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта. 

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ИИМ кызматкерлери
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской области
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери талаштуу 70 аймактын тагдырын чече албай келет.

Ал эми кыргызстандын борбору Бишкек шаарында чек ара чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулмай болду.

Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

152
Белгилер:
оорукана, жаракат, ӨКМ, Баткен облусу
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (246)
Тема боюнча
УКМК: тажик тарап түштөн кийин миномет, пулемет менен жапырт аткылоого өттү
УКМК: "Суу бөлүштүрүүчү жай" мурда эле Кыргызстандын аймагында болчу

Дүкөндөрдү тоноп, малын союп жешкен. Лейлектеги айылдардан аянычтуу кадрлар

1045
(жаңыланган 20:01 10.05.2021)
Чек арадагы куралдуу жаңжалда Арка айылындагы 10дон ашуун май куюучу жайдын таш талканы чыккан. Тажик тарап кыргыздарга таандык объектилерди өрттөп кеткен. Ал эми Борбордук айылындагы үйлөрдү талап-тоноп, жанына окоп казып талаага качкан эл тарапты аңдып жатышкан.

Кыргызстандык Мутабар Касымованын үйүнөн тажик аскеринин формасы да чыкты. Буга чекесинде жазылган "Рочабов" деген ысым, чөнтөгүнөн чыккан тажик акчасы далил болот. Үй ээси анын балдарынын кийимин кийип кетишкенин айтат. Алар муну менен чектелген эмес.

"Короодогу эчкибизди союп, очокко тамак жасашыптыр. Үйдөгү азык-түлүктөрдү алып чыгып тапчанда отурушкан экен. Арак да ичишиптир, бөтөлкөдө жарымы калып калган. Үйдөн эч бир нерсени калтырбай тинтип, чачып салышыптыр. Адам баласы дагы ушундай кылабы? Жадагалса ымыркай орогондун ичин аңтарып көрүшүптүр", — деди Касымова.

Ал эми Акылбай Турсунбаевдин үйүнө гранатомёттун снаряды түшүп күлгө айланган. Бул учурда үйүн кайтарып калган айылдагы эркектер эми гана ооз ачарга отурган эле.

"Кечке жуук болду, саат 20:00дөн кийин ооз ачар болоюн деп калган. Ооз ачышка жетишпей калдык. Жалын ичинен да, үстүнөн дагы чыгып жатты. Өчүрөйүн деп кирип ууланып калдым, Шухрат кошунам "кирбеңиз" деп колумдан тартып алып чыкты", — деди Турсунбаев.

Арка жана Борбордук айылындагы жол боюнда жайгашкан дүкөн, кафелердин бири калбай тонолуп, андан соң өрттөлгөн.

"Манас" дүкөнүнүн ээси Ахунжан Шакиров андан тажикстандыктар дагы азык-түлүк сатып алып турганын, себеби кыргыз тарапта арзан болорун айтат. Ал январь айында Россиядан акча чогултуп келип, иниси экөө дүкөн ачкан. Жаңжалдын кесепетинен эки миллион сомдон кол жууп отурат.

Шерзат Самандаров ПРООНдун Youth of Osh долбоорунун колдоосу менен 2017-жылы "Караван" деген кафе ачкан. Кийинчерээк анын жанында азык-түлүк, курулуш материалдарын сата баштаган.

"Youth of Osh долбоору Тажикстан менен тынч жашаган кошуна эл деген сыяктуу чек аралаш аймактарды колдогон. Бул айылдан мен утуп алган болчумун. Азыркы чыгымды болжол менен эсептесем 150 миң доллардан ашып калды. Курулуш материалдар, товарлар, муздаткыч жана башка жабдуулардын баары жок болгон. Биринчи тоноп баарын алып чыгып, анан күйгүзүп ийген", — деди Самандаров.

Арка, Борбордук айылдарын Лейлек районун эң четинде жайгашкан. Тажикстан менен чек араны жол гана бөлүп турат. Ал трассаны эки өлкө тең пайдаланат.

1045
Белгилер:
Жаңжал, Тажикстан, тоноо, өрт, Лейлек району
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (246)
Тема боюнча
Максат айылы: өрттөлгөн үйлөр буздурулуп, жашоочулар боз үй, чатырда жашоодо
12 адам жашынган жеринде жан берген. Кандуу окуянын очогу “Головнойдон” кадрлар
Башкы прокуратуранын имараты. Архив

Бажы жана банк кызматкерлери ишкерди 40 млн. сомдук чыгымга учураткан

136
(жаңыланган 13:07 10.05.2021)
Башкы көзөмөл органы ишкердин кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада бир канча берене боюнча кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Башкы прокуратура Бажы кызматынын жана коммерциялык банктын айрым кызматкерлери ишкерди 40 миллион сомдук зыянга учуратканын таап чыкты. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

Башкы прокуратура "М" деп аталган ЖЧКнын директорунун кайрылуусун текшерүүгө алган.

2018-жылы "М" ишканасы банк аркылуу импорттук бажы алымдарын төлөө үчүн Финансы министрлигинин борбордук казыналыгынын эсеп-кысабына 40 миллион сом которгон.

Бирок Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, банктын кызматкерлери белгисиз себептерден улам "Импорттолгон товарларга киреше салыгы" белгиси менен башка эсепке которушкан жана белгиленген ЖЧКга жасалма төлөм кагазын беришкен.

Башкы прокуратура белгилегендей, кийин ЖЧК ошол эле жылы ушул төлөм кагазы менен товарларды алып келген.

"Аларды каттоого алууда документтик көзөмөлгө жооптуу болгон бажы кызматкерлери товарлар боюнча декларацияларды текшеришкен эмес, натыйжада тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын талаптары одоно бузулган", — деп айтылат билдирүүдө.

Башкы прокуратура белгилегендей, төлөмдөрдү каттоого алуу боюнча жооптуу бажычылар үч жыл бою бажы төлөмдөрүнүн чегерилишин, которулушун жана кайтарылышын эсепке алышкан эмес жана аталган ЖЧК менен бажы органдарынын ортосунда ай сайын маалыматтарды салыштыруу да жүргүзүлгөн эмес.

Жыйынтыгында март айында бажы кызматкерлери бул мекемеге айып пул салган. Мында ишкерлик субъектинин мыйзам менен корголгон укуктары жана кызыкчылыктары бузулганы билдирүүдө айтылган.

Бул факт боюнча Кылмыш -жаза кодексинин 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 233 ("Коммерциялык же башка уюмдагы ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 359-беренесинин ("Документтерди жасоо") негизинде кылмыш иши козголду. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

136
Белгилер:
кылмыш, Кыргызстан, Башкы прокуратура, чыгым, ишкер
Тема боюнча
Бишкекте шаар куруудагы чаржайыт пландан казына 20 млн. сом зыян тарткан
Прокуратура: Таластагы жайыт, Нарындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды
Индияда COVID-19 өлгөн кишинин сөөгүн туугандары көтөрүп бара жатышат

Ганг дарыясынан коронавирустан көз жумган 30дай адамдын сөөгү табылды

0
Күбөлөрдүн айтымында, сууга ыргытылган адам сөөктөрү 100дөн көп болушу мүмкүн. Аталган окуя элди дүрбөлөңгө салып, жергиликтүү тургундар вирустун тарап кетүүсүнөн кооптонууда.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Индиянын Буксар шаарында Ганг дарыясынан коронавирустан көз жумган 30дай адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу The Times of India басылмасына таянып, РИА Новости кабарлады.

Билдирмеге ылайык, аталган аймактын администрациясы кишилердин сөөктөрү коңшу штаттан агып келиши ыктымал деп божомолдогон. Бирок жергиликтүү тургундар журналисттерге дарыянын жээгинде жашагандар кремация акысы жана өрттөө кымбат болгондуктан өлгөндөрдү сууга ыргытып жатканын билдиришкен.

Күбөлөрдүн айтымында, сууга ыргытылган адам сөөктөрү 100дөн көп болушу мүмкүн. Аталган окуя элди дүрбөлөңгө салып, жергиликтүү тургундар вирустун тарап кетүүсүнөн кооптонууда.

Бийлик сууну тазалай баштаганын билдирген. Таанылбаган сөөктөр ырым-жырымы менен кремацияланып, чыгымын штаттын өкмөтү өзүнө алган.

Белгилей кетсек, Индия коронавирус жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Оору илештиргендердин саны бул мамлекетте 22, 2 миллиондон ашты.

0
Белгилер:
Ганг дарыясы, коронавирус, сөөк, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19 жуктургандар жана көз жумгандар эң жогорку чегине жетти. ДССУ билдирүүсү
Индияда коронавирус аз келгенсип дагы бир инфекция күчөп жатат