Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жаракат алгандар 46 кишиге жетти

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүОоруканада жаткан кишилер. Архив
Ооруканада жаткан кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Министрликтин билдиришинче, 44 адам ар кандай жаракат менен Баткендин ооруканаларында жатат. Бирөө амбулатордук дарыланууда. Бир адам көз жумду.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алгандардын саны 46 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Автомат менен аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Кыргызстан менен Тажикстан чыр чыккан жерде ок атууну токтотуу чечимине келди
Жаракат алган 46 кишинин 44ү ар кандай жаракат менен Баткендин ооруканаларында жатат. Бирөө амбулатордук дарыланууда. Бир адам көз жумган. 
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0