Чыр чыккан аймакта ок атуу токтоду

© Sputnik / Эмиль СадыровБайкоочу мунарада чек арачысы. Архив
Байкоочу мунарада чек арачысы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Жаңжал 28-апрелде кечинде башталган. Анын кесепетинен үч кыргызстандык каза болуп, бири 13 жаштагы кыз экени айтылды.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткендеги чыр чыккан аймакта ок атуу токтоду. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.
Аталган кызмат кыргыз-тажик чек арасындагы саат 23.45ке карата абал боюнча маалымат берди.
"Чыр чыккан аймакта ок атуу токтоду. Баткенге чогулган Чек ара кызматынын бөлүктөрү жергиликтүү бийлик, укук коргоо органынын кызматкерлери менен биргеликте абалды курчутууга жол бербөө боюнча бардык чараларды көрүп жатат", — деп айтылат маалыматта. 
Жаңжал 28-апрелде кечинде башталган. Анын кесепетинен үч кыргызстандык каза болуп, бири 13 жаштагы кыз экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0