Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан

Чек арадагы кан төгүлгөн жаңжал. Баткенде учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр дагы деле уланууда. Өткөн түнү кыргыз тараптан каза болгондордун саны 13кө жетти.
29-апрелде кечинде эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, атышууну токтотуп, аскер күчтөрүн артка кайтаруу тууралуу чечимге келгенине карабай түнү менен атышуулар уланып, кыргыз айылдарында үйлөр менен дүкөндөр өрттөлдү. Тажик тараптан дагы жабыркагандардан тышкары каза болгондор бар экени айтылууда.
Ошол эле учурда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча Жазык кодексинин 380-беренесинин ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") негизинде кылмыш ишин козгоду.
Эске салсак, 28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
00:50 01.05.2021

Ички иштер министрлиги соцтармак колдонуучуларын тастыкталбаган маалыматтарды, видео-аудиолорду таратпоого жана терс маанайдагы билдирүүлөрдү жазбоого чакырды.

"Азыркы тапта кыргыз-тажик чек арасы боюнча ар кандай материалдар жарыяланып жатат. Чек арадагы кырдаалга терс таасир эте турган иш-аракеттерден алыс болуу шарт. Ар бир маалымат такталып, тастыкталган соң коомчулукка жайылышы керек. Фейк маалыматтардын тарап кетүүсүнө жол бербейли", — деп жазылат маалыматта.

ИИМ учурда чек арада абал туруктуу экенин, күч түзүмдөрү менен аскерлер абалды көзөмөлдөп жатканын билдирди.

 

22:28 30.04.2021

Борбор калаанын ар бир акимиатында жардам топтоо үчүн штабдар түзүлдү. Жабыркагандарга жардам көрсөтөм десеңиз төмөнкү номерлерге чалсаңыз болот.
• (0774) 00-77-35
• (0990) 99-94-44
• (0999) 85-55-58
• (0559) 03-85-85

 

Конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан
22:19 30.04.2021

"Баткенге жардам" кайрымдуулук штабынын 1227 бирдиктүү ыкчам телефон номери ишке кирди. Бардык сууроолор боюнча көрсөтүлгөн номер аркылуу кайрылсаңыздар болот. Кыргызстандын абоненттери үчүн чалуулар бекер.

22:14 30.04.2021

Социалдык тармактарда Баткен облусунун чек ара аймагындагы акыркы окуялар учурунда тажик аскер кызматкерлери эки кыргызстандыкты колго түшүрдү деген комментарий камтылган видео таркатылууда.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул маалыматты расмий түрдө төгүндөдү.

"Бул видео болжол менен 2017-жылы тартылган жана 2021-жылдын 28-29-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларга эч кандай тиешеси жок", - дешти катчылыктан. 

22:06 30.04.2021
Президент Кыргызстана Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады
20:59 30.04.2021

Облус башчыларынын тапшырмасынын негизинде түзүлгөн эки тараптуу комиссиянын ишинин натыйжасында, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө жолу ачылып, каттам калыбына келди. Бул туурасында Баткен облустук админстрациясынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, эки тараптан атайын комиссия түзүлүп, кырдаалды турукташтыруу боюнча ыкчам иш алып барууда. 

Баткен облусунан комиссиянын курамында ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен облустук милициясынын башчысы Мурат Боронов жана Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев болду.

Облус башчыларынын тапшырмасынын негизинде түзүлгөн эки тараптуу комиссиянын ишинин натыйжасында, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө жолу ачылып, каттам калыбына келди.

Ошондой эле Тажикстан, Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жайгашкан “Кызыл-Бел” чек ара көзөмөл өткөрүү жайы менен Тажикстандын "Гулистон" чек ара көзөмөл өткөрүү жайынын аймагындагы куралдуу күчтөрүн аймактан алып чыгып кетти.

Аймакта абал турукташууда.

 

20:25 30.04.2021

Бул маалыматты облус башчысы Өмүрбек Суваналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

"Тажик тарап аскерлерин алып чыгып кетти, айылдардын бардыгы бошотулду. Кыргызстандык аскерлер мина коюлушу мүмкүн болгон аймактарды текшерип жатышат. Бул иштер бүткөндөн кийин коопсуз жайдагы тургундар үйүнө келе берсе болот. Коңшу өлкөнүн аскерлери ок атышууну токтотуу келишиминен кийин кете башташкан. Акыркы аскерлери өрттөлүп кеткен эки айылда болчу, алар да кетишти азыр", — деди Суваналиев.

 Учурда жер-жерлерге блокпосттор коюлуп, көзөмөл күчөтүлдү.

 

19:14 30.04.2021

Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгон 29 жаштагы офицер Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү эртең кичи мекени Аксыда жерге берилет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга маркумдун жакыны билдирди.

Анын айтымында, офицер Нурсултан Манасбек уулу 1992-жылы Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүнүн Дейрес айылында туулган. Бишкектеги аскердик окуу жайды бүтүргөн.

"Көп жылдан бери Чек ара кызматында иштесе, Баткенде бир жылдан бери кызмат өтөп, атайын даярдыктагы "Бөрү" тобунда командир эле. Үйлөнө элек болчу", — деди ал.
Капитан Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү эртең, өзү туулуп-өскөн Дейрес айылында жерге берилет.

 

 

29-летний офицер Нурсултан Манасбек уулу, погибший на границе - Sputnik Кыргызстан
18:53 30.04.2021
18:52 30.04.2021

Президенттин маалымат кызматы төмөнкүдөй маалымат таратты.

Өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн өз ара урматтоо принциптеринин негизинде жана ынак коңшулук маанайда конструктивдүү диалог болду.

Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаалды жана аны тез арада жөнгө салуу чараларын талкуулашты.

Садыр Жапаров кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жолу менен чечүүнү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды туруктуу абалда сактап калууну колдой турганын баса белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары да кыргыз жана тажик элдеринин ортосундагы салттуу жана көп кылымдык достуктун, ынак коңшулуктун негизинде ыраттуу жана жемиштүү өнүгө берерине ишенимин билдирди.

 

18:52 30.04.2021
18:32 30.04.2021
18:28 30.04.2021
Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан
18:16 30.04.2021

Бишкектеги Республикалык кан борборуна Баткендеги жаңжалдан жабыркагандар үчүн 150дөй киши кан берди.
Каалоочулар Чыңгыз Айтматов. көч, 60 дарегиндеги кан тапшыруу жайына кайрылса болот. Мекеме дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 8.00дөй 14.00гө чейин кабыл алат.

18:14 30.04.2021

Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылында жашаган кээ бир эркектер үйлөрүн кайтарып калган. Чек ара жаңжалы ушул жерден башталган.  Аларга бүгүн Кадамжайдын Халмион айлынан гуманитардык жардам келди. Бул жерде дагы кечээ ок атышуулар болгон. Азыр айыл тынч, аскерлер көзөмөлдөп турушат. 

Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан
18:06 30.04.2021

Чек ара чатагынан жаракат алгандардын ичинен 43 адам Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген. Эки кишинин абалы оор бойдон калууда.

30-апрель, саат 18:00гө карата жаңжалдан жабыркагандардын саны 154 адамга жетти. Бул маалыматтарды Саламатыткты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

 

17:19 30.04.2021
Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан
17:08 30.04.2021

 Баткен облусунун Самаркандек, Актатыр жана Кулунду айылдарынын тургундарын коопсуз жайга ӨКМдин 156 кызматкери көчүрдү. Эвакуациялоого 13 атайын автоунаа, жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 60 спринтер тартылды.
 Баткен районунан 1409 жаран Баткен шаарындагы мейманканаларга жана мектептерге эвакуацияланган.
Жалпы Баткен облусу боюнча коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 10 215 адамга жетти.
 

16:53 30.04.2021

 Россия президенти Владимир Путин кыргыз-тажик чек арасындагы чырды чечүүгө ортомчу болууга даяр. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

"Бизди ар кыл форматтагы уюмдар башыбызды бириктирип турат, анын ичинде ЖККУ да бар. Мамлекеттердин арасында жаралган курч маселелерди жөнгө салууга президент Путин дайым даяр. Мамлекет башчы аны бир нече жолу далилдеген. Буга чейин эки өлкө ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшкөн. Азыр биз бул дипломатиялык ишке байкоо жүргүзүп жатабыз, чечимди колдойбуз",— деген Песков.


 

16:30 30.04.2021

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Эки тарап тең бир-бирине пикирлерин ачык айтып, кырдаалды турукташтыруу боюнча реалдуу кадамдарды жасап жатышат.

Облус башчылары буга чейин макулдашкандай, биринчи кезекте ок атууларды толугу менен токтотууну жана кагылышуулардан жапа чеккен аймактардан өздөрүнүн аскердик күчтөрүн алып чыгып кетүүнүн аракетин көрүшүүдө.

Ошондой эле эки тараптан тең тосулган автоунаа жолдорун ачып, каттамды калыбына келтирүү сүйлөшүлдү.

Азыркы тапта аймакта ок атылган учурлар жок.

16:22 30.04.2021
15:54 30.04.2021
Здание Министерства иностранных дел РФ в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920
Россия ТИМи кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча билдирүү жасады
15:48 30.04.2021

Бул кыргыз-тажик чек ара аймагында тартылган сүрөттөр. Автоунааларда Кыргызстандын мамлекеттик номери тагылып тургандыгын көрүүгө болот. 

Обстрел автомобилей с кыргызскими номерами на трассе в село Кок-Таш - Sputnik Кыргызстан
15:36 30.04.2021

 Бүгүн, 30-апрелде, президенти Садыр Жапаров Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары учурдагы кырдаалды жана кагылышууну жөнгө салуу жолдорун талкуулашты. Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымдады жана тынчтыкты орнотууга, жаңжалды жөнгө салууга жардам берүүгө даярдыгын билдирген Өзбекстандын президентине ыраазычылыгын айтты.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бардык пикир келишпестиктерди дипломатиялык диалог куруу аркылуу тезирээк жөнгө салуу зарылдыгын белгилешти. 

Ошондой эле, Жапаров жана Шавкат Мирзиёев үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын Президентинин Ташкенге иш сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен чечимдердин жана макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты.

15:23 30.04.2021

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-тажик чек арасындагы абалга тынчсыздануусун билдирип, бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Маалымат өзбек лидеринин расмий сайтына жарыяланды.

Ошол эле учурда Мирзиёев Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен дагы байланышты.

"Президенттер кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүп, абалды жөнгө салуу жана курчутпоо жолдорун талкуулашты. Бардык талаштуу маселелер жакын коңшу, стратегиялык өнөктөш катары сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керектиги белгиленди", — деп айтылат билдирүүдө.


 

15:20 30.04.2021

Тажик тарап Кыргызстандын кээ бир заставаларын ээлеп алды деген маалымат туура эмес. Бул туурасында Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Буга чейин интернетке бир катар чек ара заставаларды Тажикстан тарап басып алды деген маалымат тараган.

"Бул чагымчылдык. Бир дагы заставаны биздин чек арачылар берген жок. Туура, тажик тарап заставаларды аткылаган, бирок биздин аскерлер коргоп турду. Азыр да алар өздөрүнүн позициясында", — дешти чек ара кызматынан.

14:59 30.04.2021
Директор Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбек Джумабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920
Жумабеков чек арада жабыркап Бишкекке которулгандардын абалын айтты
14:44 30.04.2021

Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы чек ара маселеси боюнча оор кырдаалга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрилиги биринчи кезектеги кечиктирилгиз жардам жеткирилди.
Пахталуу жууркан – 221 даана;
Матрац баштыгы – 1292 данна;
Канистра 10 л. – 900 данна;
Тазалык каражаттар чоңдор үчүн – 100 кутуча;
Чака 14 л. – 198 данна;
жууркан – 2520 данна;
Ашкана каражаттары – 4 кутуча;
Шейшеп – 863 данна;
Жаздык – 833 данна;
Кружка -700 данна;
Мискей – 700 данна;
Кичинекей табак (мискей) – 700 данна;
 Кашык – 700 данна

13:59 30.04.2021

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү, Россияда жашап эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарга кайрылып, ар кандай чагымчылдык жагдайдан оолак болууну суранды.

"Россия Федерациясынын аймагында мыйзам бузган учурда, социалдык тармактан улуттар аралык терс ой, пикирлерди билдирсе, тиешелүү кызматтар тарабынан жоопкерчиликке тартылуу коркунучу бар, кызуу кандуулука алдырып келечегибизди бузуп албайлы. Ар бирибиз ата-эне бир туугандарыбызды жана үй-бүлөбүздү ойлойлу.

Албетте, мекенибизде болуп жаткан көрүнүш баарыбызды тынчсыздандырбай койбойт, бирок ар бир маселеде акыл калчап, туура кадамдарга баруубуз абзел. Ыйык Рамазан айында сабырдуулук менен диндеш коңшу бир туугандар менен жакшы мамиледе болууга чакырабыз. Ар бир мекендештерибиздин саламаттыгы, коопсуздугу баарынан жогору турат. Урматтуу мекендештер уруш, жаңжал, согуш эч убакта жакшылыка алып келбейт. Чек ара маселеси мамлекеттер аралык сүйлөшүү, дипломатиялык жана тынчтык жолу менен гана чечилиши керек", — деп жазылган кайрылууда.   

13:54 30.04.2021

Лейлектин Арка 1 жана Борбордук деп аталган айылдарында атышуу маал-маалы  болуп жатат. Улам атышып, кайра пауза болуп калууда. Бул туурасында Баткен облустук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

12:58 30.04.2021

Өкмөттүн алдында "Баткенге жардам" штабы түзүлдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, штаб Кожомкул атындагы спорт ордосунда жайгашкан.

"Каалоочулар, ишкерлер өздөрү жардам беребиз дешсе же гуманитардык жардамды Баткенге жеткирүү үчүн коопсуздук менен камсыз кылгыла десе, штабга кайрыла алышат", — деди Солтонбекова.
Штабдын телефон номерлери: 0558 98 88 88, 0705 15 13 00.

 

12:42 30.04.2021

29-апрелде тажик аскерлери Ми-24 тик учагынан Баткен районундагы Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарын аткылаган.

Чек арадагы чатак тажик тараптан болгон: Тажикстандын аскердик күчтөрү  кыргыз тараптын чек ара заставалары менен чек ара постторун аткылаган. Андан сырткары алардын бутасына Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө да алынган.

12:29 30.04.2021
12:27 30.04.2021

Бишкек шаарынын ар бир акимиатында гуманитардык жана башка жардамдарды чогултуу үчүн аймактык штабдар түзүлгөн. Жардам берүүнү каалагандар үчүн телефон номерлер:

• (0774) 00-77-35
• (0990) 99-94-44
• (0999) 85-55-58
• (0559) 03-85-85

Бишкек мэриясы эвакуацияланган Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жана материалдык жардам үчүн 6 миллион сом которду. Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жабыркагандарга бир күндүк эмгек акыларын которушат. Шаардык бийликтин алдында ыктыярчылардын штабы түзүлгөн.

12:09 30.04.2021

29-апрелде мамлекеттик чек арада болгон кагылышууда Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын үч аскери окко учту. Мындан сырткары 20 аскер жаракат алган. Алардын ичинен эки жоокердин абал оор бойдон калууда. Маалыматты УКМКНын Чек ара кызматы таратты. 

11:57 30.04.2021

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүп, ок атышуунун токтошун каалайт. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан Хак билдирди.

 "Абалга тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүп жатабыз. Кырдаал тууралуу кабардарбыз. Кыргызстан менен Тажикстан экөө тең ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшкөнүн да билебиз. Эгер бул чын эле ошондой болсо, биз аны кош колдоп кубаттайбыз", — деди Хак.
Ал БУУ эки тарапты тең сүйлөшүүгө чакырып, чырды тынчтык жолу менен чечүүгө үндөп жатканын белгилеген.

 

 

11:34 30.04.2021

ӨКМ берген 30-апрелге карата маалыматтар

Лейлек району боюнча өрттөнгөн турак үйлөр:

Кулунду айылында - 2 үй;
Максат айылында - 10 үй;
Жалпы: 12 турак үй.


Социалдык объектилер:
 1 мектеп

 

Баткен району боюнча:
- 9 үй;
- 10 май куюучу бекет;
- 2 ресторан;
- 8 магазин;
- 1 мурдагы казинонун имараты;

 -1 чек заставасы.


Ак-Сай айылында 
- ӨКМге караштуу өрттөн куткаруу бөлүгү өрттөнгөн.

 

 

11:33 30.04.2021

Чек арадагы айылдардагы элди коопсуз жайга көчүрүүгө 10дон ашуун техника, 150 ашуун кызматкер тартылган.

13 Тез жардам автоунаасы жана автотранспорт кызматынан 60 спринтердин айдоочусу учурда окуя болгон жерде иштеп жатат.

Лейлек районунан 900 жаран Баткен шаары багытына чыгарылып, Лейлек районунан 300 жаран коопсуз жайга, анын ичинен 200 туугандарына жайгаштырылган. Бул маалыматтарды ӨКМ билдирди. 

11:03 30.04.2021

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. 

10:59 30.04.2021

Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу тирешүүдөн ар кыл жаракат алган адамдарды барып көрдү. Эгерде зарылдык жаралса, Баткенге башка облустардан, Бишкек шаарынан да дарыгерлер алып келинерин айтты.

10:44 30.04.2021

"Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын борбордук айылында Тажикстандын аскер кызматкерлерине тиешелүү болгон аскер техникалары айылды аралап жүрөт. Интернационал айылынын кыргыз жарандарына тиешелүү болгон "Жилой дом" участкасындагы кыргыз жарандарына тиешелүү болгон турак үйлөргө Тажикстандын аскер кызматкерлери кирип алган. Ошол участкага жакын аймакта кыргыз жарандарынын экөө каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айыл башчысы Мырзабек  Жумабаев барган учурда, тажик жарандары аны барымтага алып алышкан. Бул маалыматты Баткен облустук ИИБдин маалымат кызматы билдирген.

Бул фактыны Лейлек РИИБи Кылмыштар жана жоруктардын реестрине  Жазык кодексинин 380-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) менен каттап, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

10:20 30.04.2021
Военнослужащий Эсентур Кубанычбек уулу - Sputnik Кыргызстан

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжал учурунда каза болгон атайын даярдыктагы аскерлердин (спецназ) жетекчисинин орун басары - офицердин сөөгү Бишкекке жеткирилип, Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга маркумдун жакындары билдирди. 

Анын айтымында, Эсентур Кубанычбек уулу Ак-Муз айылында туулган.

"Эсентур Нарын районундагы Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын атайын даярдыктагы аскерлеринин жетекчисинин орун басары офицер болчу. Ал Нарындан Баткен облусуна эки апта мурун кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери менен чогуу кеткен эле. Түндө каза болгонун уктук”, – деди ал.

Жакындарынын айтымында, Эсентур Кубанычбек уулу Россиядан чек ара кызматы боюнча жогорку аскердик окуу жайын бүтүрүп келген.

"Эсентур ата-энеси жок болгондуктан ал туугандарынын колунда өскөн. 8-класска чейин Ак-Муз айылындагы Боогачы орто мектебинде билим алып, андан кийин Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин бүтүргөн. Андан соң Россияда беш жыл чек ара боюнча билимин жогорулаткан. Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы Чек ара кызматынын "Бөрү" деп аталган атайын аскер тобунда иштеп келген", - деди ал.

Эсентур туурасында социалдык тармакка маалыматтар чыгып, достору аны жоктогон пост жазышты. 

Жигит өлбөс болсочу...Өрт элең...Баатыр элең...Шок элең...😢😢😢😢 Тилекке каршы, жердешибизден айрылып калдык...

Опубликовано Жыргалбеком Бердибековым Четверг, 29 апреля 2021 г.
10:05 30.04.2021

Баткен облустук администрациясынын алдында биринчи вице-премьер Артем Новиков менен Өзгөчө  кырдаалдар министри Бообек Ажикеев чогулган эл менен жолукту. Алар жарандарды тынчтыкка чакырып,  эл менен сүйлөштү. Ажикеев жергиликтүү калкты жабыркаган элге жардам берүү үчүн тамак-аш жеткируу иштерин уюштурууга жардам берүүгө чакырды.  

Учурда чогулган эл тарап кетти. 

09:43 30.04.2021

30-апрелге карата Баткен районундагы кырдаал турукташып ок атуулар токтотулуп, азырын туруктуу. Баткен районунун Аксай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө тартиптеги күчөтүлгөн режим киргизилген. 

Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан
09:39 30.04.2021

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрель, саат 07:50гө берген маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган 134 кишинин 13ү көз жумду.

 

09:30 30.04.2021

Түндө Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы тынч болгон жок.

  • Биринчи чатак чыккан Баткен районунан сырткары Лейлек районунда кыргыз жана тажик аскер кызматкерлери атышып, үй-жайлар өрттөлдү. 
  • Жаракат алган 13 жашар кыз ооруканага бараткан жолдо үзүлдү.

 

 

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0