Ок атуу уланууда. Лейлек менен Баткендеги азыркы абал айтылды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүСитуация в Луганске
Ситуация в Луганске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылды. Ал эми Баткен районунан 7 093 адам Баткен шаарына көчүрүлгөн.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Чек аралаш аймактарда айрым учурда ок атуулар болуп жатат, кырдаалды күч түзүмдөрү көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.
Атышуунун натыйжасында азыркы учурда 134 адам жабыркап, анын 13ү каза болду. 25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарына ооруканага которулуп, 86 бейтап Баткен облустук ооруканасына жаткырылган.
"Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылды. Ал эми Баткен районунан 7093 адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Эвакуацияланган жарандарга жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан колдоо көрсөтүлүүдө, гуманитардык жардамдар жеткирилип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, билдирүүдө Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөнгөнү, ошондой эле Лейлек районун Кулунду айыл аймагынын Сада, Максат айылдарында, Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында үйлөр жана май куюучу бекеттер күйгөнү белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0