Баткен милициясы: тажик жарандары кыргыз айылынын башчысын барымтага алышты

© Sputnik / Табылды КадырбековАскер автомат менен. Архив
Аскер автомат менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Милициянын билдиргенине караганда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында Тажикстандын аскер кызматкерлерине тиешелүү аскер техникалары айылды аралап жүрөт.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Тажик жарандары Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди барымтага алып алышты. Кабарды Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова тастыктады.
Билдирүүгө караганда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылын Тажистандын аскер кызматкерлерине тиешелүү аскер техникасы аралап жүрөт.
"Интернационал айылындагы кыргыз жарандарына тиешелүү болгон "Жилой дом" участкасындагы кыргызстандыктардын турак жайларын тажик аскерлери ээлеп алган. Ошол участкага жакын аймакта эки кыргыз жараны каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айылынын башчысы барган учурда тажик жарандары аны барымтага алышкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факт боюнча Лейлек райондук милициясы КР Жазык кодексинин 380-беренесине ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") ылайык сотко чейинки өндүрүштү баштап, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.
Ситуация в Луганске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Ок атуу уланууда. Лейлек менен Баткендеги азыркы абал айтылды
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.
Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Бүгүн эртең менен Ички иштер министрлиги чыр чыккан аймакта абал туруктуу экенин, кырдаал көзөмөлдөнүп жатканын билдирди.
Учурда аймакта кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрө аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0