Мектеп, ресторан, застава. ӨКМ Баткенде канча имарат өрттөнгөнүн айтты

Жазылуу
Күйүп кеткен имараттардын ичинде мектеп, ресторан, дүкөн, май куюучу жай жана жергиликтүү тургундардын үйлөрү бар.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам канча имарат өрттөнгөнү тууралуу билдирүү таратты.
Баткен облусунун Лейлек району боюнча өрттөнгөн турак үй, имараттар:
  • Кулунду айылында — эки турак үй;
  • Максат айылында — 10 турак үй. Жалпы 12 үй, социалдык объектилерден бир мектеп өрттөнгөн.
Баткен району боюнча өрттөнгөн жайлар:
  • 9 турак үй;
  • 10 май куюучу жай;
  • 2 ресторан;
  • 8 дүкөн;
  • 1 казино;
  • 1 чек ара заставасы.
Ак-Сай айылында ӨКМге караштуу өрт куткаруу бөлүгү өрттөнгөн.
Элди эвакуация кылууга ӨКМден 10дон ашык техника, 150дөн көп кызматкер тартылган. Мындан сырткары, райондук жарандык коргонуунун медицина кызматынан 13 тез жардам автоунаасы жана автотранспорт кызматынан 60 спринтер айдоочусу менен жөнөтүлгөн.
"Баткен облусунун Баткен районунан 900 адам Баткен шаарына, ал эми Лейлек районунан 300 адам коопсуз жайга, анын ичинен 200ү туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган", — деп жазылат билдирүүдө.

Баткендеги чек ара чыры

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.
Аскер автомат менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Баткен милициясы: тажик жарандары кыргыз айылынын башчысын барымтага алышты
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет. Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бүгүн эртең менен Ички иштер министрлиги чыр чыккан аймакта абал туруктуу экенин, кырдаал көзөмөлдөнүп жатканын билдирди.
Баткендеги чек арадагы кырдаал тууралуу акыркы маалыматтарды биздин Telegram каналыбыздан окуңуздар.
Чек арадагы абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция да жүргүзүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0