УКМК: Тажикстан аскерлери Аркадагы кыргызстандыктардын үйүн аткылай баштады

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМашыгуу учурунда ок атып жаткан аскер кызматкери. Архив
Машыгуу учурунда ок атып жаткан аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Тажикстандын аскерлери кыргызстандыктардын үйлөрүн көздөй ок чыгаргандыктан Кыргызстандын чек арачылары коргонуу позициясына өтүштү.
БИШКЕК, 1-май. – Sputnik. Бүгүн, 1-май, саат 12:45ке карата маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып турат. Бул тууралуу УКМКга караштуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Тажикстандын аскер кызматкерлери Лейлек районуна караштуу Арка айылындагы кыргызстандык тургундардын үйлөрүн аткылай башташты. Жергиликтүү жашоочулар буга чейин эвакуацияланган болчу.
Кыргызстандын чек арачылары коргонуу позициясына өтүштү.
Жаңылыктар түрмөгү
0