Баткен облусунун Баткен районунда өрттөрлөн унаалар

Баткенде чек арадагы кагылышууда каза болгондордун ысымдары айтылды. Тизме

2490
(жаңыланган 15:39 01.05.2021)
Расмий маалыматтарда каза болгон кыргызстандыктардын жалпы саны 33 деп айтылууда. Алардын ичинен бир жарандын өздүгү, дагы бир мекендештин туулган жери тууралуу маалымат такталып жатат.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. 29-апрелде Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай айылдарынын, Лейлек районунун Арка, Максат айылдарындагы куралдуу кагылышууда расмий маалымат боюнча 33 жаран каза тапты. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.

Курман болгон аскер кызматкерлери:

  • Эсентур Кубанычбеков, 29 жашта, капитан;
  • Бекзат Юлдашев, 29 жашта, прапорщик;
  • Нурсултан Манасбек уулу, 28 жашта, капитан;

Каза болгон жергиликтүү тургундар:

  • Махаматрасул Сайдаров, 36 жашта, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну;
  • Мадина Рахматжанова, 12 жашта, Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну;
  • Баяман Абдрахманов, 23 жашта, Баткен шаарынын тургуну;
  • Сагын Каратаев, 44 жашта, Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну;
  • Сүйүн Тагаев, 52 жашта, Баткен шаарынын тургуну;
  • Алтынбек Каработоев, 39 жашта, Кадамжай районунун Кадамжай шаарчасынын тургуну;
  • Рашид Үсөн уулу, 48 жашта, Баткен шаарынын тургуну;
  • Жамшит Ганиев, 31 жашта, Баткен районунун Чет-Булак айылынын тургуну;
  • Нурумбаев Дастан, 37 жашта, Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну;
  • Мидин Махамадали уулу, 30 жашта, Баткен районунун Бужум айылынын тургуну;
  • Уланбек Мусаев, 30 жашта, Баткен шаарынын тургуну;
  • Чыңгыз Темирбаев, 26 жашта, Баткен районунун Бужум айылынын тургуну;
  • Салим Бахтияров, 58 жашта, Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну;
  • Тынчтыкбек Эргешалы уулу, 30 жашта, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну;
  • Турдубай Саттаров, 33 жашта, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну;
  • Медербек Камчиев, 26 жашта, Баткен районунун Кызыл-Жол айылынын тургуну;
  • Жаркыбек Аманов, 33 жашта, Баткен районунун Бужум айылынын тургуну;
  • Мырзабек Абдрахманов, 30 жашта, Баткен районунун Бужум айылынын тургуну;
  • Султанбек Абдувахап уулу, 19 жашта, Баткен районунун Кызыл-Жол айылынын тургуну;
  • Өмүрбек Бахридин уулу, 18 жашта, Баткен районунун Кызыл-Жол айылынын тургуну;
  • Мовланбек Тажибаев, 31 жашта, Жаңы-Жер айылынын тургуну;
  • Алижан Тагайбаев, 31 жашта, Баткен шаарынын тургуну;
  • Доолатбек Жигиталы уулу, 23 жашта, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну;
  • Тойчубек Исманов, 63 жашта, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айылынын тургуну;
  • Шухратбек Зикиров, 32 жашта, Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургуну;
  • Шумкарбек Арыпбай уулу (маалыматтар такталып жатат);
  • Анамидин Асанов, 49 жашта (маалыматтар такталып жатат).

Каза болгон дагы үч жарандын ким экени такталып жатат.

Эске салсак, 28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.

29-апрелде түшкө маал эки тараптын аскерлеринин ортосунда ок атышуу башталган. Тажик тарап оор артиллерия, Ми-24 аскердик тик учагын да пайдаланган.

2490
Белгилер:
Кыргызстан, Баткен облусу, гуманитардык жардам, учак, Ализа Солтонбекова
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (253)
Тема боюнча
Жапаров чек ара жаңжалынан жарадар болгондорго барды. Сүрөт
Милиция: тажик жарандары кыргыз айылынын башчысын барымтадан бошото элек
Жапаров менен Рахмон кайрадан телефон аркылуу байланышты

Имараттарды кыйраткан ракеталар. Газа тилкесинен тартылган видео

233
(жаңыланган 18:49 14.05.2021)
Израиль армиясынын Газага абадан урган соккуларынан улам курман болгондордун саны өсүүдө. Алардын арасында аялдар менен балдар бар. Расмий маалыматтар боюнча, 119 адам каза таап, жүздөгөн киши жаракат алган.

Израиль менен Палестинанын ортосундагы конфликт 10-май күнү кечинде курчуган. Эки жак тең ракета менен аткылоону токтотпой жатат.

Газа тилкесинен 1 500дөн ашык ракета коё берилген. Израиль дагы ХАМАС кыймылына жооп кайтарууда.

Буга чейин ЖМКлар Израиль сотунун чечими менен Чыгыш Иерусалимдеги Шейх-Жаррахта жашаган бир нече палестиналык үй-бүлө аталган аймактан чыгарылганын жазган. Ал эми 7-майда палестиналыктар менен Израилдин полициясы кагылышкан. Тартип сакчылары Аль-Акс мечитине чабуул коюу үчүн атайын каражаттарды колдонушкан.

10-майда ХАМАС аталган аймактан аскерлерди чыгарып кетүү талабын койгон. Кечинде массалык түрдө ракета менен аткылоо башталган.

233
Белгилер:
мечит, Палестина, Израиль
Тема боюнча
Эмнеге Пентагонго Борбор Азияда орун жок? Сереп
Кишенчен киши. Архив

Бишкекте энеси менен кызын өлтүрүүгө шектелип өспүрүм кармалды

93
(жаңыланган 18:18 14.05.2021)
Милициянын маалыматы боюнча, кармалган шектүү буга чейин соттолгон. Ал Ысык-Көл облусунда окуп, 2018-жылдан бери Токмок шаарында жашап келген.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Милиция Бишкектин борборунда эки аялды өлтүрүүгө шектүү катары 16 жаштагы Ж.М. аттуу жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу Свердлов райондук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкектеги Жибек жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйлөрдүн биринде киши колдуу болгон эки аялдын сөөгү табылганы тууралуу кабар укук коргоо органдарына 12-майда саат 11:25те келген. Окуя болгон жерге барган милиция каза болгондор 63 жаштагы А.А. жана анын 31 жаштагы А.А. аттуу кызы экенин аныкташкан. Маркумдардын денесинде зомбулуктун издери байкалган. Шаардык милиция Кылмыш кодексинин 130-беренеси ("Эки же андан көп адамды өлтүрүү") боюнча кылмыш ишин козгогон. 13-майда тергөөчүлөр кылмышкердин изине түшкөн.

Маалыматка ылайык, шектүү буга чейин соттолгон, Ысык-Көл облусунун тургуну.

"Шектүү жаран мыйзамдуу өкүлдөрү, жактоочусунун катышуусунда өткөрүлгөн суракта жасаган ишин мойнуна алган. Мындан сырткары, атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмыш жасоодо колдонулган далил буюмдарды берген. Ал сотко чейинки өндүрүшкө камтылды", — деп айтылат ШИИБдин билдирүүсүндө.

Мындан сырткары, шектүү Ысык-Көл облусунда орто мектепте 7-класска чейин окуп, 2018-жылы Чүйдүн Токмок шаарына көчүп келип жашаганы аныкталган.

Алдын ала маалыматка ылайык, 31 жаштагы аял өлөр алдында зордукталган.

93
Белгилер:
шектүү, адам өлтүрүү, аялдар, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөп салган өспүрүмдөргө өкүм чыкты
Лебединовкада кыз ала качууга шектелген жаран милицияга өзү келди
УКМК имараты. Архив

Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз ыйгарганбы? УКМК текшере баштады

0
(жаңыланган 22:55 14.05.2021)
Интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз берген деген маалыматтар тарап жатат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы ички иштер министринин орун басарлары менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басарына генерал наамдары ыйгарылган деген маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков иштен кетер алдында өткөн дата менен ошол кездеги ички иштер министринин орун басарлары Мирлан Канимет менен  Алмазбек Орозалиевге жана УКМК төрагасынын биринчи орун басары Талант Салиевге генерал наамдарын тапшырып кеткен деген маалымат тараган.

Орозалиев кызматынан 21-октябрда кол жууса, Каниметов 3-апрелде кеткен. Ал эми Салиев жумуштан 16-октябрда бошотулган.

Кыргызстанда канча генерал бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар

0
Белгилер:
УКМК, текшерүү, наам, генерал
Тема боюнча
Садыр Жапаров дагы бир жетекчиге генерал наамын берди