ИИМ Баткендеги чек ара чыры эмнеден чыкканын баяндап берди

© Sputnik / Эламан КарымшаковЛейлек районунун Ак-Сай айылындагы ок атылган унаалар
Лейлек районунун Ак-Сай айылындагы ок атылган унаалар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Чек арадагы ок атышуу 29-апрель күнү болжол менен саат 14:00дө башталган. Алгач Тажикстан тарап миномёт менен аткылап, анын биринчи снаряды Башкы суу сактагычтын курулушуна түшкөн.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалынын себеби тажиктер тарабынан Башкы суу сактагычтагы электрдик устунга видеобайкоо камераларын орнотуу болгон. Бул тууралуу ИИМдин ички аскерлер бөлүмүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Аталган бөлүмдүн чек арадагы окуя тууралуу баяндоосун толугу менен беребиз:
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Министрлик: чек ара жаңжалынан курман болгондордун саны 34кө жетти
29-апрель, болжол менен саат 13:30. Башкы суу сактагыч курулуш жайына жергиликтүү жашоочулар келип, мурда коюлган видеокамераларды алып салууну талап кылышкан. Тажикстандын аркы беттеги чогулган адамдары буга макул болбой, бир нече мергенчилик мылтыктардан кыргызстандыктарды көздөй ок чыгарышкан.
29-апрель, болжол менен саат 14:00. Алгач Тажикстан тарап миномёт менен аткылап, биринчи снаряды Башкы суу сактагыч курулушуна түштү. Миномёттун снаряды жарылып, жергиликтүү жашоочулар майда сыныктарынан жаракат алышкан.
Ок атышуу болгондо Башкы суу сактагыч курулушун майор Ибрагим Акматов башында турган ИИМдин ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн "Шер" атайын багыттагы отрядынын өздүк курамы кайтарып турган. Алар жарадар болгондорго биринчи медициналык жардам көрсөтүп, буга кошумча ок атып жооп кайтарышкан.
Андан соң Тажикстан аскерлери миномёт менен "Шер" атайын отрядын көздөй ок чыгарган. Бул учурда аскерлер жергиликтүү жашоочуларды алып чыгып жатканда жаракат алышкан. Тажикстандын аскер кызматкерлери жашыруун жайлардан мылтык менен аткан. Бирок "Шер" атайын багыттагы отряд дагы Тажикстандын аскер бөлүктөрүнө жооп кайтарган. Жыйынтыгында тажик аскерлери өз позицияларын таштап, жергиликтүү пункттун ички тарабына кирип кеткен. Ал жактан алар миномёт, атайын жабдууланган, зооттолгон автоунаа жана мылтык менен ок чыгарышкан.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчыларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы. Видео
Болжол менен саат 16:30. Ички аскердин кол башчысы полковник Исламбек Кенжекуловдун буйругу менен 707-аскер бөлүгүнүн БМД экипажы келди. БМД экипажынын ок атуу соккусунун жардамы менен Тажикстан армиясынын зооттолгон машинасы жок кылынды. Андан соң саат 18:30дар чамасында тажик тараптан ок атуу токтогон.
ИИМдин Ички аскерлеринин маалымат кызматы азыркы саатка карата 14 аскер жабыркаганын билдирди. Алардын бардыгы Бишкек шаарынын жана Баткен облусунун ооруканаларында дарыланууда.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0