Тик учактын авиаракетасы. Архивдик сүрөт

Баткендеги үйдөн Ми-24 тик учагынан атылган авиаракета табылды. Видео

456
(жаңыланган 14:35 02.05.2021)
29-апрелде түшкө маал кыргыз-тажик аскерлеринин ортосунда ок атышуу башталган. Тажик тарап оор артиллерия, Ми-24 аскердик тик учагын да пайдаланган.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Баткен районунун Ак-Татыр айыл башкармалыгынын Орто-Боз айылынын тургунунун үйүнө түшкөн авиациялык ракета табылды. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 29-апрелде тажик аскерлери Ми-24 тик учагы менен Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлерине абадан чабуул жасаган.

Авиаракета түшкөндөн кийинки видеолор Sputnik агенттигинин Telegram каналына жүктөлдү. Анда чабуул көчөдө жана үйдө жасалганын көрүүгө болот.

"Орто-Боз айылынын тургунунун үйүнө түшкөн авиациялык ракета табылды. Ал жарылбай калгандыктан үйдүн жашоочулары жабыркашкан эмес", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жеринде тергөө тобу иштеп жатат.

Саат 13:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу экендиги маалымдалды. Кошумча күчтөр менен каражаттарды алып кетүү иштери уланууда.

Ошондой эле "Головной" суу бөлүштүрүү түйүнүнүн аймагын тараптар биргеликте карап чыгышкан. Учурда комиссия Баткен районунун Ак-Сай жергесинде иштеп жатат.

Эске сала кетсек, Баткенде чек ара чырынан улам 29-апрелде түшкө маал эки өлкө аскерлеринин ортосунда ок атышуу башталган. Тажик тарап оор артиллерия, Ми-24 аскердик тик учагын да пайдаланган.

456
Белгилер:
ракета, Чабуул, чек ара, тик учак, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (217)
Тема боюнча
Тажикстан барымтадан бошоткондордун бешөө ооруканага жаткырылды
Ташиев баштаган делегация Тажикстан менен протоколго кол койду. Видео
Кыргыз-тажик кагылышуусу. 2-майга карата Баткендеги абал боюнча онлайн-репортаж
Сотрудник новой Патрульной службы милиции по городу Бишкек держит рацию во время презентации пилотного проект

Милиция Лебединовкада уурдалган кызды табууга элден жардам сурап жатат. Сүрөт

73
(жаңыланган 19:55 06.05.2021)
5-май күнү 23:00дө Лебединовка айылындагы супермаркеттердин биринин жанынан белгисиз адамдар 25 жаштагы кызды уурдап, Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкен.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында Лебединовкада 25 жаштагы Изят Курбанова аттуу кызды уурдоого 24 жаштагы Мамаяров Абдумалик Абдрахманович шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

6-май күнү түнкү саат 02:00дө Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 19 жаштагы кыздын арызы келип түшкөн. Анын айтымында, 5-май күнү 23:00дө Лебединовка айылындагы супермаркеттердин биринин жанынан белгисиз адамдар 25 жаштагы эжесин уурдап, Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкен.

Тартип сакчылары шектүүнүн ким экенин аныктап жашаган жерине барганда анын туугандары баласы кайсы жакта жүргөнүн өздөрү дагы билбей жатканын айтышкан. Ал эми кыздын туугандары кыз менен бала буга чейин сүйлөшүп жүргөнүн билдиришкен.

"Учурда Чүй ИИББ менен Аламүдүн ИИБдин эң тажрыйбалуу милиция кызматкерлери ыкчам-издөө аракеттерин жүргүзүп жатат. Шектүү менен кыздын бардык байланыштары изилденүүдө", — дешти милициядан.

Чүй облустук ИИББ 1995-жылкы Изят Курбанова менен 1997-жылкы Абдумалик Мамаяровду көргөн-билгендер болсо 0312 43 01 27, 43 88 85, 0701 26 63 01, 0312 36 35 27 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.

73
Белгилер:
издөө, милиция, уурдоо, кыз, Лебединовка
Тема боюнча
Бишкекте чак түштө 17 жаштагы улан уурдалды. Кармалган шектүүлөрдүн сүрөтү
Жарылбай калган снаряддар

Коргоо министрлиги Баткендеги жарылбай калган снаряддарды көрсөттү. Сүрөт

107
(жаңыланган 19:39 06.05.2021)
Коргоо министрлигинин сапёрлору жарылуучу каражаттарды байкап калган учурда ага тийбестен аскерлерге же бийлик өкүлдөрүнө кабарлоого чакырды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстандын Коргоо министрлиги Баткен облусундагы жарылбай калган снаряддардын сүрөтүн жарыялады.

  • Неразорвавшиеся снаряды, найденные в Баткенской области после приграничного конфликта между Кыргызстаном и Таджикистаном
    Кыргызстандын Коргоо министрлиги Баткен облусундагы жарылбай калган снаряддардын сүрөтүн жарыялады
    © Фото / пресс-служба Министерства обороны КР
  • Неразорвавшиеся снаряды, найденные в Баткенской области после приграничного конфликта между Кыргызстаном и Таджикистаном
    2-майдан бери жеринде атайын жумушчу топ иштеп жатат. Алардын курамында КР Куралдуу күчтөрүнүн сапёрлору дагы бар
    © Фото / пресс-служба Министерства обороны КР
  • Неразорвавшиеся снаряды, найденные в Баткенской области после приграничного конфликта между Кыргызстаном и Таджикистаном
    Атайын топ Баткен жана Лейлек райондорундагы Максат, Кулунду, Кара-Бак, Кызыл-Бел, Достук, Миң-Булак, Самаркандек, Орто-Боз, Көк-Таш, Ак-Сай жана башка калктуу аймактарда иштеп жатат
    © Фото / пресс-служба Министерства обороны КР
  • Неразорвавшиеся снаряды, найденные в Баткенской области после приграничного конфликта между Кыргызстаном и Таджикистаном
    Коргоо министрлигинин сапёрлору жарандарды снаряд таап алган учурда аскерлерге же бийлик өкүлдөрүнө кабарлоого чакырды
    © Фото / пресс-служба Министерства обороны КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба Министерства обороны КР
Кыргызстандын Коргоо министрлиги Баткен облусундагы жарылбай калган снаряддардын сүрөтүн жарыялады

2-майдан бери жеринде атайын жумушчу топ иштеп жатат. Алардын курамында КР Куралдуу күчтөрүнүн сапёрлору дагы бар.

Атайын топ Баткен жана Лейлек райондорундагы Максат, Кулунду, Кара-Бак, Кызыл-Бел, Достук, Миң-Булак, Самаркандек, Орто-Боз, Көк-Таш, Ак-Сай жана башка калктуу аймактарда иштеп жатат.

Коргоо министрлигинин сапёрлору жарандарды снаряд таап алган учурда аскерлерге же бийлик өкүлдөрүнө кабарлоого чакырды.

107
Белгилер:
Коргоо министрлиги, снаряд, Баткен, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (217)
Тема боюнча
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек
Ташиев: бир дагы метр жерибизди бербейбиз, Ворухка коридор ачылбайт
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Россия коронавируска каршы дагы бир вакцинаны каттоодон өткөрдү

0
(жаңыланган 21:34 06.05.2021)
Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетери айтылды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасын каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет. Бул учурда текшерилгендердин 96.6 пайызында IgG антителосу, 91,67 пайызында вирусту алсыздандыра турган антитело пайда болорун аныкталды. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экенин белгилүү болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда анын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы өтүп, ага Россия, БАЭ, Гана сыяктуу мамлекеттерден 7 миң кши катышып жатат. Жыйынтыгы ушул айда белгилүү болот.

"Спутник Лайт" Гамалея борбору менен Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет.

Буга чейин Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург "Спутник Лайт" аталган мамлекеттерде оорунун мизин кайтарып, жергиликтүү саламаттык сактоо тармагына сезилерлик колдоо болорун белгилеген.

0
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Майдын ортосунда "Спутник V" вакцинасынын дагы бир партиясы келери күтүлүүдө