Максат айылынын тургундары гуманитардык жардам алып жатышат

Баткендеги чек ара чырынан жаракат алган 99 киши ооруканада. Ал-абалы

115
(жаңыланган 12:19 03.05.2021)
Азыркы тапта Бишкекте дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен бирөөнүн абалы өтө оор, ал эми үчөө оор абалда жатканы айтылды.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Баткендеги чек ара чырынан жабыркагандардын саны 184кө жетип, анын 35и көз жумду. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйын учурунда кабарлады.

Анын айтымында, азыркы тапта 99 адам ооруканаларда дарыланууда.

"Анын ичинен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда 35 адам, Улуттук госпиталда - 12, Улуттук хирургия борборунда - 9, Баткен аймактык ооруканасында - 11, Кызыл-Кыядагы ооруканада - 1, Лейлекте - 13, Самаркандектеги медициналык борбордо - 2, Кадамжайда 16 бейтап дарыланып жатат. Бишкекте дарыланып жаткандардын ичинен бирөөнүн абалы өтө оор, үчөөнүкү оор", — деди Солтонбекова.

Министрдин орун басары чек ара чырынан жабыркагандардын ичинен 24ү аскер кызматкери, калган 75и жай тургун экенин белгиледи.

"Азыркы тапта бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармек, кан жетиштүү. Бейтаптарга кан берүү үчүн жалпы 650 адам кайрылып, анын 469у кан тапшырды", — деди ал.

Солтонбекова чыр чыккан аймактардан эвакуациялангандардын арасында сегиз кош бойлуу аял болгонун айтып, анын үчөө аман-эсен төрөп, калган төртөө медиктердин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Баткендеги кандуу кагылыш

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Он миңдеген адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Баткен менен Лейлек райондорунун чек арага жакын жайгашкан айылдары өрттөнүп, үйлөр, социалдык объектилер бүлгүнгө учурады.

1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынч, тургундар айылга кайтып, КР бийлиги келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Үй-жайсыз калгандарды там-таш менен камсыздоо милдети өкмөттүн мойнунда.

Ал эми Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча кагылышуудан 16 киши набыт болгон.

Азыркы маалда Баткенде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.

115
Белгилер:
Каза болгондор, чыр, Баткен, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (250)
Тема боюнча
Үйдөн биринчи чек арага зым тартып бергилечи. Муңга толгон Максат айылынан видео

Мойнунан кан аккан боюнча көмүлдү. Чек арада окко учкан Акжолдун трагедиясы. Видео

1735
(жаңыланган 20:06 11.05.2021)
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкан 36 кыргызстандыктын арасында Акжол Арыпбай уулу да бар. Ал быйыл 25 жашка толгон, Баткен районунун Кара-Бак айылында жашачу. 29-апрелде айылдаштары менен "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайына барып окко учкан.

Акжолдун артында туяк калган жок, дагы бир аз иштеп, үйүн оңдоп алып анан үйлөнөм деп жүргөн. Эгер кандуу кагылышуу болбогондо ал 2-май күнү атасына куран окутуп, эртеси улгайган апасын ден соолугун чыңдоо үчүн ооруканага жаткырмак.

Маркумдун атасынын агасы Шарип Сүйүнов инисинин сөөгүн бир күндөн кийин табышканын айтат.

"Баткендеги өлүкканага барсак 18 адамдын сөөгү келди. Өлүктөрдү тизип койгон экен, ошол жерден тааныдык. Медиктер бети-башын тазалап берди, алып келип жерге бердик. Жума күнү биздин айылдан төртөөнү бир узаттык, мечитте жаназасы окулду. Эртеси дагы бир жигиттин сөөгү келди. Негизи бейшемби күнү бизде мал базар болот. "Головнойдогу" жаңжал боюнча телефондон кабар беришип, "жардамга келгиле" дешсе базардан ары эле кетиптир. Барганда миномёт менен аткан окшойт. Мойнунан кан токтободу, ошол бойдон алып барып койдук", — деди Сүйүнов.

Акжол сегиз бир туугандын төртүнчүсү. Апасы Райымахан Ниязова ал фундамент куюп иштеп үй-бүлөсүнө каралашып келгенин айтат.

"Шартка байланыштуу үйлөнө албай жүрдү, "апа, бутума турсам үйлөнөм" деген. Ишке деп кетип ошол бойдон өлүп келди. Чалдым, чалдым, телефонун көтөрбөдү, кийин "өтүптүр" деп айтышты. Элим үчүн коргойм, мен баарына даярмын деп барыптыр да. Өзү намыскөй, бирөөгө эч жаман сүйлөбөгөн бала эле. Былтыр бетон аралаштыргыч алып, "эми, апа, ушуну менен бутума туруп кетем" деп жүргөн. Бул жактагы агасынын үйүндө да жүк түшүрүп иштечү. "Апа, ишембиде базарлык кылып, жекшемби күнү ооз ачар өткөрүп атама куран окутабыз. Анан дүйшөмбү күнү сизди жакшы бир жерге алып барып эс алдырам, кант диабетиңизди көрсөтөм" деген. Акыркы сүйлөгөн сөзү ошол болду", — деп ыйлады муңайган эне.

Чыр чыккан күнү "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында 25 жай тургун мерт болгон. Жарадарларды алып келүүгө тез жардам унаасы да өтө албай калган.

Аталган суу таратуучу пункту Баткен районунун Кара-Бак айылы үчүн да маанилүү. Себеби ошол жактан чыккан суу менен эгинин сугарышат. Куралдуу кагылышуудан бул айылдан беш адам мерт болгон.

1735
Белгилер:
өлүм, Тажикстан, Кыргызстан, Чыр-чатак, Кара-Бак, Баткен облусу
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (250)
Тема боюнча
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек
Дүкөндөрдү тоноп, малын союп жешкен. Лейлектеги айылдардан аянычтуу кадрлар
Россияда жүрүп 10 жылда курган үйүм күлгө айланды. Максаттык Атакулованын ыйы
Татарстандын Казань шаарындагы ок чыккан метептин жаныдагы ИИМ кызматкерлери

Татарстандын бийлиги мектептеги ок атуудан канча окуучу көз жумганын тактады

399
(жаңыланган 18:58 11.05.2021)
Учурда шектүү колго түштү. Алдын ала маалымат боюнча, анын шериги болгон эмес. Ок чыгарган жаранга карата психологиялык жана психиатриялык экспертиза дайындалды.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Татарстандын Казань шаарындагы мектептен жети окуучу менен бир мугалим аял каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Татарстандын президентинин маалымат кызматына таянып кабарлады.

Террорчулукка каршы күрөшүү улуттук комитетинин маалыматына караганда, окуянын кесепетинен көз жумгандардан тышкары 20 окуучу жабыркаган.

Буга чейин республиканын башчысы Рустам Минниханов 8-класстагы төрт бала жана үч кыз көз жумганын билдирген. Ал эми ЖМКлар 11 адам өлгөнүн, алардын ичинде терезеден секирип кеткен эки окуучу бар экенин жазышкан.

Минниханов мектеп окуучуларын көздөй окту 19 жаштагы бала чыгарганын, курал анын өзүнө катталганын айтты. Шектүү кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, шериги болгон эмес. Ага карата комплекстик психологиялык жана психиатриялык экспертиза дайындалды.

Шаршемби, 12-май, Татарстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. 

399
Белгилер:
ок атуу, окуучу, мектеп, Казань, Татарстан
Тема боюнча
Казань шаарындагы мектепте өспүрүм ок чыгарып, 8 киши каза болду. Видео
Банк. Архив

Былтыр банктар канча киреше көргөн? Статистика

0
Кыргызстанда жалпысынан 23 коммерциялык банк бар. Алардын ичинен 16сында чет элдик капитал бар.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстанда коммерциялык банктардын жалпы кирешеси 32,6 миллиард сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ошол эле учурда банктардын капиталынын чыгаша бөлүгү 30 миллиард сомго жетип, 2019-жылга салыштырмалуу 12,8 пайызга көбүрөөк болду.

"Өткөн жылы 22 банк пайда көрсө, бир банк жылды чыгым тартуу менен жыйынтыктады. Коммерциялык банктардын ачык кредиттик портфели 2019-жылга салыштырмалуу 10,5 пайызга өсүп, жыл аягында 162,8 миллиард сомду түздү. Кардарлар көбүнчө соода, айыл чарба, ипотека жана керектөө жаатында насыяларды алышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле былтыр жеке тараптардын депозиттери дагы 2 пайызга көбөйдү. Жарандар аманат катары банктарга 13,8 миллиард сом салган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23 коммерциялык банк бар. Алардын ичинен 16сында чет элдик капитал сакталат.

0
Белгилер:
депозит, кредит, чыгаша, киреше, коммерциялык банктар, Кыргызстан
Тема боюнча
Сом КМШда эң кооз валюта болуп саналат. Адис кыргыз акчанын өзгөчөлүктөрүн айтты