Бишкекте чак түштө 17 жаштагы улан уурдалды. Кармалган шектүүлөрдүн сүрөтү

© AFP / ANTHONY WALLACEКөчөдө бараткан бала. Архив
Көчөдө бараткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Бишкекте уланды уурдоого шектелип үч адам кармалган. Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө башталгандыгы кабарланды.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкек шаарында кечээ 17 жаштагы уланды күч менен автоунаага салып уурдап кетишкен. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Окуя болжол менен 16:40тар чамасында болгон. Милициянын 102 кызматына Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүндө жашы жете элек баланы уурдап кетишти деген кабар түшкөн.
Кайгуул милициясы айтылган жерге келип ак автоунаачан белгисиз адамдар 2004-жылы туулган У.Ж. аттуу уланды уурдап кетишкендигинен маалымдар болгон.
"Көп өтпөй эле бул окуяга шектүү делген үч киши кармалды. Тартип сактоочулар издөө иштеринен кийин 30 жаштагы С.И., 24 жаштагы У.К., жана 29 жаштагы А.Н. аттуу адамдарды бул окуяга шектүү катары кармап, милиция бөлүмүнө алып келди", — деп айтылат маалыматта.
© Фото / пресс-служба УПСМШектүүлөр
Задержанные по подозрению в похищении несовершеннолетнего в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Шектүүлөр
Аталган факт Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0