Бразилияда метродо атышуу болуп, 25 киши көз жумду. Видео

© REUTERS / RICARDO MORAESРио-де-Жанейро шаарында метродо атышуу
Рио-де-Жанейро шаарында метродо атышуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында метродо полиция менен баңгизат сатуучулардын арасында атышуу болуп, 25 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.
Маалыматка караганда, шаар полициясы баңгизат сатуучуларды кармоо үчүн атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 24 шектүү жана полициянын бир офицери каза болгону айтылат. Алардан тышкары төрт адам жаракат алган. Экөө жай тургун экени кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0