Жолдо абайлап жүргүлө! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Герман Шейн / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен сапарга чыккандарга абайлап жол жүрүүнү жана автоунаалардын арасындагы 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын эскертишти.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда жаан-чачындан улам айрым аймактарда сел жүрүп, тоолуу аймактардагы жолдорго көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
"7-майда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар", — деп айтылган маалыматта.
Ал эми 7-11-май аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам дагы бир жаратылыш кырсыгы болуп кетүү кооптуулугун эскертишти.
Баткенде дамба жырылышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Баткенде дамба жырылып, 1500 адам эвакуацияланды. Сүрөт
"Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош жолунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Мындай кооптуулук Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров автоунаа жолундагы Кара-Кысмак капчыгайында, Кара-Буура ашуусунда, Каракол — Эңилчек жолундагы Чоң-Ашууда да бар", — деп билдиришти ӨКМден
Жолго чыккандар айдоочуларга автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0