Ысык-Көлдө автоунаалар кагышып эки аял каза болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРЫсык-Көлдө автоунаалар кагышып кеткени
Ысык-Көлдө автоунаалар кагышып кеткени - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Түп районундагы кырсыктан төрт адам жабыркады. Алардын арасында беш жаштагы бала бар. Милиция кырсыктын себептерин тактап жатат.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып, анын кесепетинен эки аял көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
© Фото / пресс-служба МЧС КРЫсык-Көлдө эки автоунаа кагышып анын кесепетинен эки аял көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты
Столкновение автомобилей на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып анын кесепетинен эки аял көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты
Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 186-чакырымында Lexus RX-350 жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү машиналар кагышкан.
Каза болгон аялдар 30 жана 48 жашта болгон. Кырсыктан дагы төрт адам жабыркаган. Алардын үчөөсү 27, 48 жана 50 жаштагы эркек, бирөөсү беш жаштагы бала.
Жеринде куткаруучулар менен дарыгерлер иштеп жатышат. Милиция окуянын чоо-жайын аныктоодо.
Жаңылыктар түрмөгү
0