Нарындын айылдарында жана Кытай менен чектешкен аймакта жер титиреди

© Sputnik / Табылды КадырбековНарын облусу. Архив
Нарын облусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Алдын ала берилген маалыматтарда жердин термелешинен айылдарда жабыркагандар жана кыйроолор катталген эмес.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кечээ, 13-майда, Кыргызстан менен Кытай чектешкен жерде күчү очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталып, Нарын облусунун бир нече айылында сезилди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жер титирөө саат 14:37де Нарын облусунун Ат-Башы районунда 4 балл, Торугарт айылында 3 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала маалыматтарга таянып, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0