ӨКМ: Бишкектеги мейманканадан чыккан өрт 4 саатта өчүрүлдү

© Sputnik / Сталбек Абдижалил уулуБишкектеги төрт кабаттуу мейманканасы өртөнүп жаткан учурда
Бишкектеги төрт кабаттуу мейманканасы өртөнүп жаткан учурда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Болжол менен 500 чарчы метр жер күйгөн.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкекте түндө төрт кабаттуу Gold Hotel мейманканасы күйүп, өрт толугу менен саат 00:54тө өчүрүлүдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, Жумабек көчөсүнүн №215 дарегинде жайгашкан иштетилбеген мейманканада өрт 16-май күнү саат 21:06да чыккан. ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Болжол менен 500 чарчы метр жер күйгөн.
"Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин ыкчам тобу жана Газ чарба кызматынан бир, Тез жардам кызматынан эки бригада, ИИМден 20 кызматкер, 4 экипаж тартылды", — деп айтылат маалыматта.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 22:41де чектөөгө алынып, толугу менен 00:54тө өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0