Кыргыз-тажик чек арасында эки тарап тең кишилерди барымтага алып, кайра бошотту

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Алгач Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын тургундары үч тажик жаранын өлкө аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо үчүн милицияга жеткиришкен. Ошол эле учурда тажиктер жайлоодон келе жаткан үч кыргызды кармап алышкан.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымат берди.
Ага ылайык, Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында тургундар эртең менен үч тажик жаранын кармап, өлкө аймагында эмнеге жүргөнүн тактоо максатында милицияга жеткирип беришкен.
Лейлек районунун Арка айылындагы талкаланган май куюучу жай жана соода түйүндөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Кыргыз-тажик чек арасында чырды ким баштаганын космостон тартылган сүрөт көрсөтөт
Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз жарандарынын сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлдү.
Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин жеринде жолугуштурууну макулдашышкан.
Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрү эл менен сүйлөшүп, эки тараптан тең кармалган адамдар бошотулган.
Өкүлчүлүк учурда аймакта абал тынч экенин, бирок эл кооптонуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0