УКМК: Ошто ири көлөмдө героин ташып бара жаткан автоунаа кармалды

© AP Photo / MICHAEL SOHNИИМ кызматкери алынган баңгизаттарды көрсөтүп жатат. Архив
ИИМ кызматкери алынган баңгизаттарды көрсөтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
УКМКнын билдиргенине караганда, жүк ташуучу унаадагы героиндин базардагы баасы учурда 20 миллион доллардан ашык сумманы түзөт.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ош облусунда 13-май күнү 440 килограмм героин ташылып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган комитет узак убакыт бою Борбор Азия аймагы аркылуу Жакынкы Чыгыш, Европа өлкөлөрүнө ири өлчөмдө баңгизат ташуу боюнча эл аралык наркоканалды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш алып барган.
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
УКМК 59,5 млрд. сомду Кытайга чыгарып кетти деген шек менен эки адамды кармады
УКМКнын билдиргенине караганда, жүк ташуучу унаадагы героиндин базардагы баасы 20 миллион доллардан ашык сумманы түзөт.
Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген Кыргызстандын эки жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ошондой эле автоунаа баңгизатты ташуу үчүн атайын жабдуу менен жабдылганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0