Алай жана Чоң-Алай райондорунда жер титиреди

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAСейсмологиялык борбордун кызматкери. Архив
Сейсмологиялык борбордун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
ӨКМден алдын ала маалыматтарда жердин термелишинен жабыркагандар жана кыйраган объектилер катталбагандыгын билдиришти.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бүгүн Алай жана Чоң-Алай райондорунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Жердин термелиши саат 10:40та катталган.
Нарын облусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Нарындын айылдарында жана Кытай менен чектешкен аймакта жер титиреди
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, Алай районунун Сары-Могол, Арча-Булак, Талды-Суу айылдарында — 3,5 балл, Сары-Таш айылында — 3 балл, Бор-Дөбө айылында 2,5 балл болгон. Андан сырткары, Чоң-Алай районунун Кара-Бак айылында да 3 баллдык чайпалуу сезилген.
ӨКМден жердин термелишинен жабыркагандар жана кыйраган объектилер катталбагандыгын билдиришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0