Чүйдө унаа оодарылып кетип 23 жаштагы жигит көз жумду

© AFP / LOIC VENANCEОодарылып кеткен автоунаа. Иллюстративдик сүрөт
Оодарылып кеткен автоунаа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн талкаланган автоунаадан алып чыгып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бүгүн эртең менен Бишкекке келе жаткандагы айланма жолдо Honda Odyssey автоунаасы оодарылып кетип, 23 жаштагы айдоочу каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"Бишкек — Нарын — Торугарт айланма унаа жолунун 49-чакырымында, тагыраагы, Ысык-Ата районунун аймагында саат 06:12де жеңил автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Кесепетинде машина оодарылып кетип, айдоочу көз жумду", — деп айтылат билдирүүдө.
ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн талкаланган автоунаадан алып чыгып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0