Жол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив

Суусамырда эки автоунаа кагышып, төрт киши көз жумду

236
(жаңыланган 10:25 26.05.2021)
Жол кырсыгы 26-май күнү эртең мененки саат сегиздер чамасында болгон. Жеринде жол инспекторлору иштеп жатат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жүк ташуучу унаа менен Toyota Camry үлгүсүндөгү жеңил авто кагышып, кесепетинде төрт адам көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

Жол кырсыгы 26-май күнү эртең мененки саат сегиздер чамасында болгон.

Башкармалыктан жеринде жол инспекторлору иштеп жатканын, кырсыктын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин кошумчалашты.

236
Белгилер:
Чүй облусу, Суусамыр, жол кырсык, өлүм
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (118)
Тема боюнча
Кара-Кулжада үрөй учурган жол кырсыгы болду. Сүрөт
Чүйдүн Кемин районунда автоунаа жолдон чыгып оодарылып кеткен

Кеминде автоунаа жолдон чыгып кетип, 20 жаштагы улан көз жумду. Сүрөт

20
Кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында болгон. Куткаруучулар жигиттин сөөгүн Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Чүйдүн Кемин районунда автоунаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 20 жаштагы улан каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында болгон. Анда Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдон чыгып оодарылып кеткен.

"Жол кырсыгынан Э.И. аттуу 20 жаштагы жигит көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Жерине ӨКМдин Кемин районундагы төрт куткаруучусу тартылган. Алар каза болгон баланын сөөгүн автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

20
Белгилер:
Чүй облусу, Кемин району, жол кырсык, жигит, өлүм, ӨКМ
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (118)
Тема боюнча
Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу
Афганистандын Герат шаарындагы аскер кызматкерлер

ЖМК: талибдер Афганистандын Герат шаарынын борбордук райондорун баса баштады

83
Согушкерлердин басып алуу аракетинен улам Герат шаарынын жүздөгөн жашоочулары үйлөрүн таштап кетип жатканы айтылды.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. "Талибан" кыймылынын согушкерлери Афганистандын Герат шаарынын борбордук райондорун көздөй жылып баштады. Бул тууралуу РИА Новости Афганистандын телеканалдарына таянып кабарлады.

Өлкөнүн коопсуздук кызматындагы ишенимдүү маалымат булактары маалымдагандай, Герат шаарынын 17 районунун бири гана өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө.

"Эки күндүк салгылашуунун жыйынтыгында талибдер шаардын түштүк бөлүгүндөгү Малан көпүрөсүн басып алышкан. Согушкерлердин мындай аракетинен улам Герат шаарынын жүздөгөн жашоочулары үйлөрүн таштап кетип жатышат. Ал арада Афганистандын Коргоо министрлигинин өкүлү Фавад Аман Twitter баракчасы аркылуу шаардын айланасында кырдаал турукташып калганын айткан", — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, июнь айынан бери Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол сала баштаган.

Афганистандагы туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

83
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, кол салуу
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Россия Өзбекстан менен тажик-афган чек арасына жакын жерде машыгуу өткөрөт
Стаканга суу алып жаткан адам. Архив

Диетолог суу тууралуу мифтерди жокко чыгарды

0
Дарыгер суу тууралуу азыр айтылып жүргөн айрым нерселерди жокко чыгарып, анын себептерин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Учурда суу жана анын адамдын организмине тийгизген таасири тууралуу айтылып жаткан нерселердин көпчүлүгү жөн гана миф. Бул тууралуу "Прайм" агенттигиндеги маегинде эндокринолог, диетолог Ульяна Румянцева айткан.

"Мисалы, бир күндө 2 литр суунун өзүн ичиш керек деп айтылып жүрөт. Бул туура эмес, ар кайсы организм уникалдуу, баарына 2 литр суу керек деген түшүнүк жок. Экинчиден, сөз болуп жаткан көлөм бир гана суудан турушу керектигин дагы эч ким далилдеген эмес. Ага чай, кофе, шире, шорпо кошула берет. Болгону алкоголь ичимдиги менен газдалган суусундуктарды эсептебеш керек", — деди дарыгер.

Адис логикалык жактан ойлонуп көргөндө деле элдин баарына 2 литрден суу ичүү системасы туура келбесин белгилейт. Таргыраак айтканда, эркектин организми аялдыкына караганда сууну көбүрөөк  талап кылат.

Ал эми толук адамдар учурдагы салмагына эмес, жашына жана боюна жараша идеалдуу деп эсептелген салмакка ченеп ичиши керек.

"Адам ооруп турган учурда, инфекция жуктуруп, дене табы көтөрүлгөндө болушунча көбүрөөк суу ичкени жакшы. Башка ооруларга чалдыккан учурларда ашыкча суу терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн", — деди диетолог.

Сөзүнүн аягында адис бардыгы индивидуалдуу экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
суу, дарыгер, миф, ден соолук, адам, норма
Тема боюнча
Канадада жасалма уруктандыруу үчүн өз уругун пайдаланып жүргөн дарыгер кармалды