Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемеси. Архив

Молдовановкадагы абактан качкан эки кишиге ок атылып, бири каза тапты

166
(жаңыланган 10:36 26.05.2021)
Абактан качууга аракет кылгандар адам өлтүрүү жана жашы жете электерди зордуктоо беренелери менен соттолушкан. Күзөттө турган жоокер адегенде аларга эскертүү иретинде ок чыгарган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинен качууга аракет кылган эки адамга курал колдонулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 26-майга караган түнү саат 02:40тар чамасында болгон.

"Адам өлтүрүү жана жашы жете электерди зордуктоо беренелери менен соттолгон 58 жана 22 жаштагы эки адам абактын негизги тосмосу аркылуу качууга аракет кылышкан. Алар тыюу салынган аймактан өтүп бара жатканда Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокери эскертүү иретинде ок чыгарган. Андан кийин түз курал колдонуп, соттолгондордун бири каза болуп, экинчиси ооруканага жеткирилген", — деп жазылат маалыматта.

Учурда ыкчам-тергөө тобу абактан качуу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүп жатканы айтылды.

166
Белгилер:
абак, качуу
Тема боюнча
№1 абактагылар жаңы жетекчиге нааразы болуп оозун тиккенби? ЖАМКнын жообу
Суучул издөө иштери учурунда. Архив

Кечээ Ош шаарында 10 жашар бала сууга чөгүп кетти

57
(жаңыланган 11:05 04.08.2021)
Адам өмүрүн алган окуя Ош шаарына караштуу Амир-Тимур кичи районундагы "Южный" деп аталган каналда болгон.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кечээ Ош шаарында 10 жаштагы бала каналга агып кетип, каза болуп калды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кырсык Ош шаарындагы Амир-Тимур кичи районунда болгон. Каналга 10 жаштагы эркек бала түшүп кетип, аны издеген төрт куткаруучу сөөктү кечки саат 11лерге чукул тапты", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ кызматкерлери баланын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.

57
Белгилер:
Кыргызстан, Ош шаары, суу, куткаруучу, издөө
Тема боюнча
Куткаруучулар Чычкан суусуна агып кеткен аялды издеп жатат
Чоң-Алай. Архив

Чоң-Алайда жер титиреди

45
Жердин термелүүсү Чоң-Алай районунун Кара-Кабак, Ачык-Суу айылдарында 2,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кечээ кечинде Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жер титирөө 3-августта саат 20:06да катталган. Силкинүү Чоң-Алай районунун Кара-Кабак, Ачык-Суу айылдарында 2,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

45
Белгилер:
жер титирөө, ӨКМ, Ош облусу, Чоң-Алай
Тема боюнча
Баткенде 17 үйдүн короосун суу каптап, жолдор жуулуп кеткен. Селдин видеосу

Кылкылдап, аянтка батпай. Айсулуунун мелдешин көрүүгө чогулган элдин сүрөтү

0
(жаңыланган 22:24 04.08.2021)
Чогулгандар "Айсулуу, Кыргызстан!" деп кыйкырып жатышты. Балбан кыз өлкөгө Олимпиададан күмүш медаль алып берди.
Айсулуу Тыныбекованын мелдешин көрүүгө Ала-Тоо аянтында чогулган эл
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Айсулуу Тыныбекованы Олимпиада оюндарындагы финалда колдоо үчүн миңдеген кыргызстандыктар "Ала-Тоо" аянтына чогулду. Алар "Айсулуу, Кыргызстан!" деп кыйкырып жатышты. Финалдык кармашта кыргызстандык балбан 4:3 эсеби менен япониялык Юкако Каваиге утулуп калды.

Люди на площади во время прямой трансляции финального поединка Айсулуу Тыныбековой на Олимпийских играх в Токио. 04 августа 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Алар "Айсулуу, Кыргызстан!" деп кыйкырып жатышты

Токиодогу Олимпиада Кыргызстандын тарыхында эң ийгиликтүүсү болду. Өлкөгө Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль алып берди.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Айсулуу Тыныбекова, 'Ала-Тоо' аянты, эл, финал, сүрөт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
О, кудай! Садыр Жапаров жубайы менен Айсулуунун беттешин көргөн видеосу
Айсулуунун жашы токтобой. Бүткүл Кыргызстанды ыйлаткан видео