Суусамырдагы болгон жол кырсыгы

Мерт болгон 5 кишинин арасында бөбөк бар. Суусамырдагы кырсыктын сүрөттөрү

644
Бишкек — Ош трассасында жеңил авто менен жүк ташуучу унаа кагышкан. Буга чейин каргашадан төрт кишинин каза болгону айтылган болчу.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Суусамырдын жолундагы кырсыктан беш адам каза болгонун ӨКМдин маалымат кызаматы билдирди.

  • На месте ДТП в Суусамырской долине с гибелью пятерых человек
    Суусамырдын жолундагы кырсыктан беш адам каза болгонун ӨКМдин маалымат кызаматы билдирди
    © Фото / пресс-служба МЧС
  • На месте ДТП в Суусамырской долине с гибелью пятерых человек
    Буга чейин облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы алдын ала маалымат таратып, төрт кишинин каза болгонун айткан
    © Фото / пресс-служба МЧС
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС
Суусамырдын жолундагы кырсыктан беш адам каза болгонун ӨКМдин маалымат кызаматы билдирди

Буга чейин облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы алдын ала маалымат таратып, төрт кишинин каза болгонун айткан. Трассадан MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу менен Toyota Camry кагышканы белгилүү болду.

Окуя болгон жерде ӨКМдин куткаруучулары менен ИИМ иштеп жатат. Алар көз жумган адамдардын сөөгүн машинадан чыгарып беришти.

644
Белгилер:
Суусамыр, кырсык, ИИМ, ӨКМ, автоунаа
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (117)
Тема боюнча
Актөбөдө кыргызстандык жаран жол кырсыгына кабылып, эки адам каза болду. Сүрөт
Афганистандын Герат шаарындагы аскер кызматкерлер

ЖМК: талибдер Афганистандын Герат шаарынын борбордук райондорун баса баштады

68
Согушкерлердин басып алуу аракетинен улам Герат шаарынын жүздөгөн жашоочулары үйлөрүн таштап кетип жатканы айтылды.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. "Талибан" кыймылынын согушкерлери Афганистандын Герат шаарынын борбордук райондорун көздөй жылып баштады. Бул тууралуу РИА Новости Афганистандын телеканалдарына таянып кабарлады.

Өлкөнүн коопсуздук кызматындагы ишенимдүү маалымат булактары маалымдагандай, Герат шаарынын 17 районунун бири гана өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө.

"Эки күндүк салгылашуунун жыйынтыгында талибдер шаардын түштүк бөлүгүндөгү Малан көпүрөсүн басып алышкан. Согушкерлердин мындай аракетинен улам Герат шаарынын жүздөгөн жашоочулары үйлөрүн таштап кетип жатышат. Ал арада Афганистандын Коргоо министрлигинин өкүлү Фавад Аман Twitter баракчасы аркылуу шаардын айланасында кырдаал турукташып калганын айткан", — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, июнь айынан бери Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол сала баштаган.

Афганистандагы туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

68
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, кол салуу
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Россия Өзбекстан менен тажик-афган чек арасына жакын жерде машыгуу өткөрөт
Бычак кармаган киши. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда кылмыш жасоо көбөйүүдө. Адам өлтүрүү фактысы 26 пайызга өстү

30
Январь-июнда республика аймагында 23,5 миң кылмыш катталып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,5 эсеге көбөйгөн.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери кылмыштуулуктун саны кескин өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын берген маалыматына таянып билдирди.

Ага ылайык, январь-июнда өлкө аймагында 23,5 миң кылмыш катталып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,5 эсеге көбөйгөн. Ал эми жоруктардын саны 12 миңге жетип, былтыркыдан дээрлик 30 пайызга өскөн.

Кылмыштардын басымдуу бөлүгү (61 пайызы) Бишкек шаары менен Чүй облусунда жасалганы белгиленет. 2 миңден ашыгы же 11,6 пайызы оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген.

Түрлөрү боюнча жеке менчикке каршы кылмыш көбөйгөн. Былтыркыга караганда 1,6 эсеге, анын ичинде алдамчылык – 2,1 эсеге, уурдоо - 1,5 эсеге, тоноо 24,5 пайызга жогорулаган.

Адам өлтүрүү 26, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу 34, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү 6 пайызга көбөйгөн.

Ал эми кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 36, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары 2,2 эсеге жана паракорлук 1,4 эсеге өскөн.

30
Белгилер:
Кыргызстан, кылмыш, өсүү, уурулук
Тема боюнча
Кыргызстанда кайсы үлгүдөгү автоунаалар көп уурдалат?
Мамбетов Алмаз Ишенбекович

Мамбетов Алмаз Ишенбекович өмүр баяны

0
Алмаз Мамбетов 1976-жылдын 15-мартында борбор калаа Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган.

Билими:

  • 1999-жылы Кыргызстан эл аралык университетин дипломатия жана эл аралык мамилелер адистиги боюнча аяктаган. Кийин КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынын Мамлекеттик саясат жана башкаруу мектебинен билим алган.

Эмгек жолу:

  • 2000-2002 — Тышкы иштер министрлигинде катчы-референт;
  • 2002-2003 — Туризм менен спорт боюнча мамлекеттик комитетте байланыш жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2004-2007 — Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол кызматынын катчысы;
  • 2008-2010 — "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын иш башкармалыгында алгач адис, кийинчерээк башкы адис;
  • 2011 — Бишкек мэриясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • 2011-2014 — "Транс-Кыргызгаз Паплайн" компаниясынын филиалында PR-адис;
  • 2014 -2019 — Балыкчы шаарынын мэри;
  • 2019-2020 — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
  • 2020-жылдан бери КР президентинин иш башкармалыгынын башчысы.
0
Белгилер:
Алмаз Мамбетов, Өмүр баяны, билим, таржымал
Тема боюнча
Бишкек шаардык кеңешине төрага болгон Кубанычбек Конгантиевдин өмүр баяны