Суусамырдагы кырсык. Милиционерлер унаанын ичинен канча акча тапканы айтылды

© Фото / пресс-служба МЧССуусамырда болгон жол кырсык
Суусамырда болгон жол кырсык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Жүргүнчү отурган отургучтун алдынан ичинде ири суммадагы акчасы бар кара барсетка табылган. Буга чейин унаада 800 миңден ашык каражат болгону тууралуу маалымат тараган.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Суусамырдагы жол кырсык болгон жерден 614 миң 200 сом табылган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.
Башкармалыктан милиционерлер 840 миң сом таап алган деген маалыматты төгүндөштү. Кечээ, 26-майда, болгон жол кырсыктан эки эркек, эки аял жана бир бөбөк мерт болгон. 
Суусамырдагы болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Мерт болгон 5 кишинин арасында бөбөк бар. Суусамырдагы кырсыктын сүрөттөрү
Милиционерлер кырсык болгон жерди карап протокол түзүшкөн. Каза болгон 58 жаштагы З.З. аттуу аялдын жанынан документтери жана 17 миң сом, 29 жаштагы Ж.А. аттуу айдоочунун жанынан документтери менен 13 200 сом табылган.
58 жаштагы К.Р. аттуу жаран отурган унаанын алдыңкы отургучунан табылган кара барсетканын ичинде 594 миң сом болгон.
Акча каражаты окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин милицияда болот. К.Р. аттуу маркумдун туугандары анын жанында 600 миңдей сом болгонун билдиришкен.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0