Балдар ойноп жаткан батут жарылып кетти. Барнаулда тартылган видео

© Фото / Pixabay/ Katrina_SБатутта секирип жаткан кыз. Архив
Батутта секирип жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
Батутта ойноп жаткан кичинекейлердин ичинен эки бала жаракат алып Барнаулдагы ооруканага жеткирилген.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Барнаул шаарында батут жарылып кетип, анда ойноп жаткан балдардын бир нечеси алысыраак аралыкта жайгашкан трамвай рельсине барып түшкөн. Бул туурасында "Известия" жазды.
Тергөөчүлөр кырсыкты териштирүү үчүн окуя болгон жерге чыгып кеткен.
Социалдык тармактын аталган аймактагы колдонуучуларынын жазганына караганда, окуя соода борборунун жанына орнотулган батутта болгон. Ал жарылып, күү менен тышка ыргыткандыктан секирип ойноп жаткан балдардын арасынан төрт жаштагы эки кичинекей кыз бир нече аралыктагы трамвайдын рельсине барып түшкөн.
Алтай аймагынын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, кичинекейлер Барнаулдагы ооруканага жеткирилген. Медиктер алардын абалы оор экенин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0