Кокусунан атып алган. Баткенде бир чек арачы каза таап, экинчиси жаракат алды

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек арачы. Архив
Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Азыркы тапта Баткен чек ара бөлүгүнүн командачылыгы окуя болгон жерге барып фактыны териштирип жатат.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Паскы-Арык айылында бир чек арачы каза таап, экинчиси жаракат алды. Бул туурасында УКМКга караштуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматта ок кокусунан чыкканы айтылууда. Окуя кыргыз-тажик чек арасы жайгашкан аймакта болгон.
"Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жүргөн аскерлердин бири куралын этиятсыздык менен колдонуусунун кесепетинен Чек ара кызматынын бир аскери каза болду. Экинчиси жаракат алган", — деп жазылат маалыматта.
Азыркы тапта Баткен чек ара бөлүгүнүн командачылыгы окуя болгон жерге барып аталган фактыны териштирип жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0