Бишкектеги ашканадан 22 киши тамакка ууланып ооруканага түшкөн

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүАшкана. Архив
Ашкана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Тамактануучу жай текшерүү бүткүчө жабылып, администрациясына 15 миң сом айып салынган. Ошондой эле уулануунун козгогучун аныктаган изилдөө жүрүүдө.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкектин Москва көчөсүндө жайгашкан №1 Ашканасында адамдар массалык түрдө ууланып, 22 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев тастыктады.
Окуя 25-26-май күндөрү болуп, ар убакта тамактанган адамдар ууланган.
"Бейтаптардын бардыгы бризоль тамагын жегенин айтышты. Бишкектеги Чүй облустук бириктирилген ооруканага — 13, Токмоктогу ооруканага 9 киши түштү. Инфекциялык ооруканада коронавирус менен жаткандар болгондуктан уулангандарды убактылуу кабыл ала албайт", — деди Мурзашев.
Тамактануучу жай текшерүү бүткүчө жабылып, администрациясына 15 миң сом айып салынган. Ошондой эле уулануунун козгогучун аныктаган изилдөө жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0