Инандыны таап берем деп 50 миң доллар, автоунаа алган шектүү кармалды

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаӨзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып кармалган киши
Өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып кармалган киши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Тактай келгенде 27 жаштагы шектүү УКМКнын кызматкери эместиги жана мурда эркинен ажыратылгандыгы аныкталды.
БИШКЕК 3-июн.— Sputnik. "Сапат" лицейинин президенти, дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны таап берем деп өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, жакындарынан 50 миң доллар жана Subaru Impreza автоунаасын алды деп шек жараткан киши кармалды.
Бул иш кечээ, 2-июнда, болуп Түркиянын М.А. аттуу жараны милицияга аталган окуя боюнча арыз жазган.
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека"Сапат" лицейинин президенти, дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны таап берем деп өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, жакындарынан 50 миң доллар жана Subaru Impreza автоунаасын алды деп шек жараткан киши кармалды
Сапат лицейинин президенти, дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны таап берем деп өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, жакындарынан 50 миң доллар жана Subaru Impreza автоунаасын алды деп шек жараткан киши кармалды - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Сапат" лицейинин президенти, дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны таап берем деп өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, жакындарынан 50 миң доллар жана Subaru Impreza автоунаасын алды деп шек жараткан киши кармалды
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБул иш кечээ, 2-июнда, болуп Түркиянын М.А. аттуу жараны милицияга аталган окуя боюнча арыз жазган
Бул иш кечээ, 2-июнда, болуп Түркиянын М.А. аттуу жараны милицияга аталган окуя боюнча арыз жазган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул иш кечээ, 2-июнда, болуп Түркиянын М.А. аттуу жараны милицияга аталган окуя боюнча арыз жазган
1/2
"Сапат" лицейинин президенти, дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны таап берем деп өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, жакындарынан 50 миң доллар жана Subaru Impreza автоунаасын алды деп шек жараткан киши кармалды
2/2
Бул иш кечээ, 2-июнда, болуп Түркиянын М.А. аттуу жараны милицияга аталган окуя боюнча арыз жазган
Тактай келгенде 27 жаштагы ал шектүүнүн УКМКнын кызматкери эместиги жана мурда соттолгону аныкталды.
"Перехват" операциясынан кийин шектүүнүн изине Бишкек шаардык ИИБдин Криминалдык милициясынын жана ИИМдин Кайгуул милициясынын кызматкерлери түшүп, Бишкектин Кайгуул милициясынын кызматкерлери кармаган.
"Ал 1994-жылы Ош облусунда туулган, эч жерде иштебеген, мурда сот жообуна тартылган адам болуп чыкты", — деп билдиришти милициядан.
Бул фактыны Бишкек шаардык милициясы Жоруктар жана кылмыштар боюнча бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин 204-беренеси менен ("Алдамчылык") каттаган.
Шектүүнү текшере келгенде Subaru Impreza автоунаасынын ичинен 50 миң доллар жана октору менен тапанча табылган.
 Бишкекте Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тезирээк табылышын талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Инандынын табылышын талап кылгандар Өкмөт үйүнүн алдына келди. Сүрөт
Эскерте кетсек, "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, Кыргызстандын жараны, Түркияда туулган Орхан Инанды 31-майдан бери дайынсыз болууда. Анын автоунаасы Бишкек шаарындагы Малдыбаев көчөсүнүн аймагындагы "Ала-Арча" суусунун жанынан таңкы саат 04:00дөр чамасында табылган. Автокөлүк Орхан Инандыга таандык экени боюнча уулу милицияга арыз жазган. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырган.
Күч органдары издеп жатканы менен азырынча натыйжа чыга элек.
Ал арада Орхан Инандынын изделиши боюнча жарандар алгач Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын, андан соң Жогорку Кеңеш менен Өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп, аны издөө иштерин тездетүүнү талап кылышууда.
Учурда бул факт боюнча кошумча тергөө башталып, аталган кылмышка тиешеси бар башка кишилерди аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Бишкек шаардык милициясы аталган кылмыш боюнча "таап берем" деп убада кылган кишилерге кыраакылык менен мамиле кылууга чакырды. Мындай фактылар байкалса токтоосуз 102 номерине чалууну эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0