Баткен районундагы чек ара мунарасы. Архив

Контейнер коюп жатышат! Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чегинде абал чыңалууда

796
(жаңыланган 09:43 04.06.2021)
4-июнга караган түнү саат 3:00дөр чамасында тажик тарап Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге контейнерлерди коё баштаган.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында чыңалуу күч алды. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,  4-июнга караган түнү саат 3:00дөр чамасында тажик тарап Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнерлерди коё баштаган. Муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишимин бузганы белгиленет.

“Аны менен катар тажик тараптын аскердик курамы автоунаалар жана  брондолгон техникалары менен топтолуп жатканы байкалат. Саат 6:00гө карата Унжу-Булактагы кырдаал чыңалып турат. Тажикстан такталбаган жерге контейнерлерди коюп, аскерлери андан 600 метр ары жакта турушканын белгилейбиз”, — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы кыргыз тарап кырдаалды бийлик өкүлдөрүнүн деңгээлинде жөнгө салуу чараларын көрүп жатканын билдирди. Бирок Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон чалууга жооп бербей жатканы айтылат.

Унжу-Булак аймагын кайтарган чек арачылар күчөтүлгөн тартипке өттү.

796
Белгилер:
чыңалуу, Чоң-Алай, чек ара, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (297)
Тема боюнча
Тажикстандын элчиси демилге көтөрүп Казакбаев менен жолукту. Козголгон маселелер
Расмий бийлик "Чоң-Алайда тажиктер окоп казып жатат" деген маалыматты төгүндөдү
Бычак кармаган адам. Архив

Таарынычтан улам адам өлтүргөн. Түптө эки шектүү кармалды

123
(жаңыланган 15:48 14.06.2021)
Райондук сот шектүүлөрдүн бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери уланып жатат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кутургу айылында адам өлтүрүүгө шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 3-июнь күнү Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө айылдагы эски тегирмендин жанынан азият улутундагы эркек адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Факты Түп райондук ИИБдин бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталган.

"Окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барып, эркек кишинин кыйноо жолу менен өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Маркум 39 жаштагы Е.К. аттуу ошол эле айылдын тургуну экени маалым болгон. Кийинчерээк ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында негизги шектүү колго түшүрүлгөн. Ал дагы ошол эле айылдын тургуну 36 жаштагы Б.Н. аттуу адам болуп чыкты. Сурак учурунда шектүү көптөн берки таарынычынан улам кылмышка барганын айткан. Кийинчерээк ага жардам берген деген айып менен Ак-Булуң айылынын 62 жаштагы тургуну кармалган. Колго түшүрүлгөн киши өлтүрүлгөн Е.К. аттуу адамды үйүнө чакырып бергенин айткан", — деп жазылат маалыматта.
Подозреваемые в убийстве мужчины в Тюпском районе Иссык-Кульской области
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
Шектүүлөр

Райондук соттун чечими менен кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып, экөө тең эки айга камалышкан. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.

123
Белгилер:
кылмыш, факты, шектүү, адам өлтүрүү, Түп, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Унаасын алып, 300 миң сом талап кылган. Ошто Женгонун жакын адамы кармалды
Бишкекте энеси менен кызын өлтүрүүгө шектелип өспүрүм кармалды
Кишенчен кармалган киши. Архив

Унаасын алып, 300 миң сом талап кылган. Ошто Женгонун жакын адамы кармалды

119
(жаңыланган 15:26 14.06.2021)
Т.И.М. аттуу киши башында турган Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бир жаранды күчкө салып шаардын четине алып барышкан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ош шаарында бир жарандын автоунаасын тартып алып, 300 миң сом талап кылган деп кримтөбөл Кадыр Досоновдун (Женго) жакын адамы кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Задержанный активный член ОПГ Кадырбека Досонова, Т. И. М., смотрящий по южному региону Кыргызстана
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Ош шаарында бир жарандын автоунаасын тартып алып, 300 миң сом талап кылган деп кримтөбөл Кадыр Досоновдун (Женго) жакын адамы кармалды

Билдирмеге караганда, Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Т.И.М. баштаган адамдар 18-майда бир жаранды күчкө салып Ош шаарынын четине үч унаа менен алып барышкан.

"Ал жерден жабырлануучуну ур-тепкиге алып Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алып, "жалпы кассага" деп 300 000 сом талап кылышкан. Ошондой эле жабырлануучуну кыйнагандардын бири, Кадыр Досоновдун жеке айдоочусумун деген Р.у.А. кошумча дагы 1000 доллар опузалаган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт 203-берененин 3-бөлүмү ("Опузалап талап кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Кармалган Т.И.М. УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген.

Учурда бул иш боюнча бардык айыпталуучулардын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

119
Белгилер:
УКМК, кармоо, Уюшкан кылмыштуу топ, Кадыр Досонов, Ош
Тема боюнча
Жер берүүдөгү коррупция. Баткенде экс-мэр баштаган кызматкерлер кармалды
Тажикстандан кууп чыгарттык. Ташиев "Дженго" кантип кармалганын айтты
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

0
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы