Тажик тарап түн жамынып Чоң-Алайдагы чек арага контейнер орнотууда. Видео

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүКыргызстан куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкери "Головной" водозаборун кайтарып жатат. Архив
Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкери Головной водозаборун кайтарып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Бүгүн түнкү саат 3:00дөр чамасында тажик тарап Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнерлерди коё баштаган.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Эртең менен Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында чыңалуу күч алганы белгилүү болду.
УКМКнын Чек ара кызматы жиберген видеодон контейнерлер коюлуп, аскерлер жүргөнүн көрүүгө болот.
Билдирмеге ылайык, 4-июнга караган түнү саат 3:00дөр чамасында тажик тарап Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнерлерди коё баштаган. Муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишимин бузганы белгиленет.
"Аны менен катар тажик тараптын аскердик курамы автоунаалар жана сооттолгон техникасы менен топтолуп жатканы байкалат. Саат 6:00гө карата Унжу-Булактагы кырдаал чыңалып турат. Тажикстан такталбаган жерге контейнерлерди коюп, аскерлери андан 600 метр ары жакта турушканын белгилейбиз", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы кыргыз тарап кырдаалды бийлик өкүлдөрүнүн деңгээлинде жөнгө салуу чараларын көрүп жатканын билдирди. Бирок Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон чалууга жооп бербей жатканы айтылат.
Унжу-Булак аймагын кайтарган чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0