Жапаровдун атына жамынгандар болууда. Президенттин администрациясы эскертүү берди

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүПредвыборная агитация в Бишкеке
Предвыборная агитация в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Айрымдар өзүн Жапаровдун жакыны, кеңешчиси же жардамчысы деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун атын пайдаланып жеке маселесин чечкен адамдар болууда. Эгер мындай адамдарды байкап калсаңар же кысым көрсөтсө, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз. Мындай кайрылууну президенттин маалымат кызматы жасады.
Билдирмеге караганда, айрым абийирсиз адамдар өзүн Жапаровдун жакыны, кеңешчиси же жардамчысы деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылып жатат.
"Президент буга чейин эле мындай кишилер, ал тургай туугандары болсо дагы токтоосуз кармалышы керек деп билдиргендигин белгилейбиз. Ошондуктан мамлекет башчынын атын пайдаланып жеке маселелерин чечүү максатында кайрылган же кысым көрсөткөн учурлар болсо, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз", — деп айтылат маалыматта.
Президенттин маалымат кызматы буга чейин да Жапаровдун атын жамынгандарды жоопкерчиликке тартуу керектигин эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0