Милиция: Бишкектен кыз уурдады деп шектелгендер айланма жолдон кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкери. Архив
ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
102 кызматына бүгүн саат 13:40та Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун жанынан 22 жаштагы кызды Toyota үлгүсүндөгү автоунаага салып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкектен 22 жаштагы кызды ала качты деп шек жараткан адамдар Бишкек — Нарын — Торугарт айланма унаа жолунда бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Ала качуу салт эмес! Кыз тагдырын талкалаган жорук тууралуу тасма - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Ала качуу салт эмес! Кыз тагдырын талкалаган жорук тууралуу тасма
Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, ыкчам издөө иштери башталган.
Саат 14.30дар чамасында Чүй облустук милициясы Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек — Нарын — Торугарт айланма унаа жолунун 33-37-чакырымынан Toyota Kuraun автоунаасын кармашкан.
"Анын ичинде уурдалды делген кыз жана беш эркек киши болгон. Алардын бири 24 жаштагы болжолдуу үйлөнөм деген жигит. Алар окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн алгач Чүй облустук милициясына алып келинип, андан соң Бишкектин Ленин райондук тергөө кызматына өткөрүп берилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Кармалгандардын бардыгы Ысык-Көл облусунун тургундары. Милиция алдын ала маалыматтарга таянып билдиргенине караганда, кыз менен жигит буга чейин сүйлөшүп жүргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0