Президенттин кортежиндеги унаа. Архив

Садыр Жапаровдун кортежиндеги унаа кырсыктап, УКМКнын өкүлү каза болду

1135
(жаңыланган 19:23 04.06.2021)
Кортеждеги унаа Ысык-Көл районундагы Ананьево айылына жакын жердеги жолдон каршы тилкеге чыгып кеткен унаа менен кагышты.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежиндеги унаа кырсыктап, УКМКнын 9-кызматынын бир өкүлү каза тапты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Окуя бүгүн, 4-июнда, Садыр Жапаров Ысык-Көлгө барганда болгон.

"Кортеждеги унаа Ысык-Көл районундагы Ананьево айылына жакын жердеги жолдон каршы тилкеге чыгып кеткен унаа менен кагышты. Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыга калган унаанын айдоочусу мас болгон", — деп айтылат маалыматта.

Окуянын кесепетинен УКМКнын 9-кызматынын бир өкүлү набыт болуп, үч киши жабыркаган.

1135
Белгилер:
жол кырсык, Ысык-Көл облусу
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (89)
Тема боюнча
Кеминдин жолундагы кырсыктан бир адам каза таап, төрт киши жабыркады
Доллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт

Эсепсиз байыган. Бишкек мэриясынын жерине үй курду делген компания аныкталды

45
(жаңыланган 14:37 25.06.2021)
Юнусалиев жана Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги кымбат баалуу муниципалдык 0,95 гектар жер тилкеси махинациялык жол менен жеке менчикке өтүп кеткен.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кымбат баалуу жер тилкеси коррупциялык жол менен берилгендиктен бюджетке 170 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн алкагында Бишкек шаардык мэриясынын 1999-жылдагы токтому менен Юнусалиев жана Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги кымбат баалуу муниципалдык 0,95 гектар жер тилкеси Н.А. аттуу жаранга ден соолукту чыңдоо борборун куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Бирок 2002-жылы мэриянын токтому менен кайра 49 жылга ижарага берүү шартына өзгөртүлгөн. Ал эми 2005-жылы жердин багыты көп кабаттуу үй курууга которулуп "А" компаниясына 83 миллион 520 миң 200 сомго сатылганы кабарланды.

"2013-жылы аталган компания Бишкек райондор аралык сотунун негизсиз чечими менен көрсөтүлгөн жерди муниципалдыктан жеке менчикке өткөрүп, көп кабаттуу үйлөрдү курган. Андагы батирлерди жарандарга кымбат баада сатып, мыйзамсыз түрдө эбегейсиз пайда тапкандыгы такталды. Жогорудагыдай татаалдаштырылган коррупциялык схема аркылуу муниципалдык кызматкерлердин, сот органдарынын жана жеке адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 173 миллион сомдук ири өлчөмдө зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча материалдар Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 319 ("Коррупция") жана 329-беренелери ("Кызматтык жасалмачылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

45
Белгилер:
Башкы прокуратура, сатуу, сот, коррупция, жер тилкеси, Бишкек
Тема боюнча
Чүйдө 23 миллион сомдук социалдык объект Шопоков мэриясына өттү
Прокуратура 731 миң сомдук жер тилкеси ит бекер сатылганын аныктады
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Эч нерсеси калбаптыр. Бишкекте унаа бакты сүзүп, бир аял жабыркады

52
(жаңыланган 15:00 25.06.2021)
Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу рулду башкара албай калып жолдон чыгып кеткен.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкекте Toyota Aristo үлгүсүндөгү автоунаа кырсыктап, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу рулду башкара албай калып жолдон чыгып кеткен. Натыйжда бакты сүзүп, кырсыктын кесепетинен 27 жаштагы аял жабыркаган.

На пересечении проспекта Чуй и улицы 7 апреля в Бишкеке, водитель легковой машины “Toyota Aristo” не справился с управлением и врезался в дерево.
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Бишкекте Toyota Aristo үлгүсүндөгү автоунаа кырсыктап, бир адам жаракат алды

Жерине беш куткаруучу барып, унаадагыларды чыгарган. Жабыркагандарды Тез жардам кызматы алып кетти.

52
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (89)
Тема боюнча
Жалал-Абад: жол кырсыктарын алдын алуу үчүн баннерлер илинип, кеңештер айтылды
Аттестаты особого образца Алтын тамга для выпускникам школ. 25 июня 2021 года

Бишкектик 99 бүтүрүүчү жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестатын алды. Сүрөт

0
(жаңыланган 15:08 25.06.2021)
Мектепти жакшы баа менен аяктагандарды шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктап, документ менен кошо акылдуу саат тапшырды.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкектеги билим берүү мекемелерин аяктаган 99 балага жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестаты тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Салтанаттуу иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. Мектепти жакшы баа менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдү шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктап, документ менен кошо акылдуу саат тапшырды. Ал эми бүтүрүүчүлөр шаар башчысына өз колдору менен жасаган белекти беришкен. Анда шаардын символу болгон илбирстин сүрөтү кийизге түшүрүлгөн.

Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

0
Белгилер:
"Алтын тамга" аттестаты, тапшыруу, аттестат, бүтүрүүчү, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Министрлик жогорку окуу жайга тапшыруунун босого баллын белгиледи
ЖРТнын жыйынтыгы менен алтын сертификат алгандар. Тизме