УКМК: Баткенде аскерге жаңы барган чек арачы өз жанын кыйды

© Sputnik / Табылды КадырбековВесенний призыв новобранцев в Кыргызстане
Весенний призыв новобранцев в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
18 жаштагы уландын өзүн-өзү атканы кабарланды. Ал ушул жылы жазында аскерге кызмат өтөөгө чакырылган.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Баткенде чек ара отрядынын катардагы аскер кызматкери, 18 жаштагы М.Д. өз жанын кыйды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
"Окуя кечээ, 4-июнда, болгон. Жоокер өзүн-өзү атып салган. Ал ушул жылы жазында аскерге кызмат өтөөгө чакырылган", — деп айтылган маалыматта.
Аскер бөлүгүндө болгон окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Жакында эле Баткен облусунун Паскы-Арык айылында куралды этиятсыз колдонгон бир чек арачы, андан кийин экинчи аскер көз жумган.
Жаңылыктар түрмөгү
0