ӨКМ кызматкерлеринин сууда издөө иштери. Архивдик сүрөт

Кара-Сууда каналга түшүп кеткен баланын сөөгү Өзбекстандан табылды

64
31-майда Шаркансай суусуна 15 жаштагы өспүрүм түшүп кеткен. Аны Өзбекстандын аймагына агызып кеткени болжолдонгон.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кара-Суу районунда каналга чөгүп кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеде 4-июнда өспүрүмдүн сөөгү Анжиян облусунун Коргон-Төбө районундагы Түштүк Фергана каналында табылып, туугандарына өткөрүп берилгени айтылат.

Белгилей кетсек, 31-майда Кара-Суудагы Шаркансай суусуна 15 жаштагы бала түшүп кеткен. Андан соң аны Өзбекстандын аймагына агызып кеткени болжолдонуп, ӨКМ коңшу өлкөгө тиешелүү кат жолдогон.

Мындан улам издөө иштерине Өзбекстандын төрт куткаруучусу тартылган.

64
Белгилер:
Кара-Суу району, сууга чөгүү, суу, өспүрүм
Тема боюнча
Жумаков: январь-май аралыгында өлкө боюнча 22 адам сууга чөгүп кетти
Көчөдө бара жаткан кыздын силуэти. Архив

Жалал-Абадда 18 жаштагы өзбекстандык кыз изделүүдө. Сүрөт

17
(жаңыланган 10:56 24.06.2021)
Бахрамова Севинч Шерзод кызы Кыргызстандын Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин 1-курсунда окучу.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жалал-Абад ШИИБдин маалымат кызматы 18 жаштагы Өзбекстандын жараны изделип жатканын билдирди.

Ага ылайык, милицияга Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусуна караштуу Яккабак шаарынын Ойша Азаматова аттуу тургуну кайрылып, небереси дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Без вести пропавшая в Джалал-Абаде, 18-летняя гражданка Узбекистана Севинч Бахрамова (Шерзод кызы)
© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской области
Бахрамова Севинч Шерзод кызы Кыргызстандын Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин 1-курсунда окучу

Анын айтымында, Бахрамова Севинч Шерзод кызы Кыргызстандын Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин 1-курсунда окучу. Ал Жалал-Абад шаарында жашап жүрүп ушул жылдын 3-майында Өзбекстандын аймагына кирген боюнча дайынсыз.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр. Кара тору, чачы, көзү, кашы кара, мурду кырдач, арык. Сол далысында сары күрөң калы бар.

Эгер Бахрамова Севинч Шерзод кызы боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо, милиция төмөнкү телефондорго кабарлап коюуну өтүндү: 102 кыска номери, (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0(0224) 95-15-15, 0(773)00-08-02.

17
Белгилер:
милиция, издөө, кыз, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Сарайдан чыккан боюнча жок. Ысык-Атада 34 жаштагы Элдияр Байгазиев изделүүдө
Жалал-Абадда 13 жаштагы өспүрүм бала жоголду. Сүрөт
Афган күчтөрү Кундуз провинциясындагы согуш талаасында

ЖМК: талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакты басып алды

209
(жаңыланган 16:21 23.06.2021)
Афганистан бийлигинин 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай калгандыктан Тажикстандын аймагына кире качууга аргасыз болушкан.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Талибан"* согушкерлеринин кыймылы Афганистандын түндүгүндөгү маанилүү аймактардын катарына кирген Кундуз провинциясын көзөмөлдөп, анын борборун курчоого алды. Бул тууралуу Аль-Жазира телеканалы жергиликтүү бийлик органдарына шилтеме берип кабарлады.

ЖМКнын маалыматына караганда, бул провинция үчүн согуштук аракеттер жекшемби күнү башталып, дүйшөмбүдө талибдер райборборду басып алышкан. Кийинчерээк алар Кундуз провинциясындагы Афганистан менен Тажикстандын ортосундагы башкы чек ара өткөрмөсүн ээлеп алышкан.

"Тилекке каршы, бүгүн эртең менен талибдер Шир-Хан портун, шаарды жана Тажикстан менен чектешкен жердеги бардык постторду басып алышты", — деди провинция кеңешинин мүчөсү Халиддин Хакми.

Бул маалыматты талибдердин өкүлү Забиулла Муджахид дагы тастыктады. Анын айтымына караганда, учурда талибдер Шерхан-Бандар менен Кундуздагы чек ара өткөрмөлөрдүн бардыгын көзөмөлдөп жатат.

Ал эми Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматы 22-июнь күнү Афганистан Ислам Республикасынын 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай "Пяндж" чек ара отрядынын төртүнчү заставасы аркылуу Тажикстандын аймагына киргенин кабарлады. Тажик чек арачылары афган жоокерлерин тоскоолдуксуз өткөргөн.

"Тажикстан менен Афганистандын чек ара линиясындагы абал чыңалып турат. Акыркы 10 күн аралыгында Афганистандын Тажикстан менен чектешкен жерлеринде өкмөттүк жана "Талибан" кыймылынын күчтөрү кагылышты", — дешти Тажикстандын УКМКсынан.

Акыркы маалыматтар боюнча, афган жоокерлеринин төртөө жарадар болуп, бирөө каза тапкан. Ал эми Шерхан-Бандарда талибдер тарабынан өлтүрүлүп жана туткунга алынгандардын саны жүздөп саналат.

* Кыргызстанда, Россияда жана башка бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм

209
Белгилер:
чек ара, Тажикстан, согуш, Талибан, Афганистан
Тема боюнча
АКШ Кабулду Түркияга табыштады... Талибдер кандай кабылдайт?
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Чыгымдын так суммасы жарыяланды
Медициналык кызматкерлер жансыз денени Делидеги ооруканага жеткиришет. Архив

Индиялык адис: COVID-19дун "дельта-плюс" штаммы өтө тез жугат

0
(жаңыланган 11:06 24.06.2021)
Адистин айтымында, "дельта-плюс" штаммын жуктуруп алуу үчүн байтаптын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле жетиштүү.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Индияда табылган коронавирустун "дельта-плюс" (B.1.617.2.1) деп аталган түрү өтө бат жугары аныкталды. Бул тууралуу Бүткүл индиялык медициналык илимдер институтунун директору Рандип Гулерияга шилтеме берип India Today басылмасы жазды.

Анын айтымында, ооруну жуктуруп алуу үчүн байтаптын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле жетиштүү.

"Жаңы штамм мурдагыларга салыштырмалуу өтө бат жугуп жатат. Ага кабылган адамдын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле вирустун жайылышына алып келет. Бул штаммдын антитело менен иммунитетти тоготпогону адистердин тынчсыздандырууда", — деди адис.

Учурда "дельта-плюс" штаммын индиялык окумуштуулар изилдеп, учудагы вакциналар ага канчалык туруштук бере аларын аныктоого аракет кылууда.

"Дельта" штаммы мутациясын улантууда. Өткөн аптада бул штамм Махараштра штатында табылган. Башкалардан ооруп айыккандардын антителосун жана эмделгендердин иммунитетин төмөндөтүп кое алгандыгы менен айырмаланат. Индияда бул штаммга кабылган 22 учур катталды.

0
Белгилер:
коркунучтар, штамм, коронавирус, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID: Республикалык штаб министрликке жаңы тапшырмаларды берди
Индияда коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону айтылды