Жапаровдун атын жамынып чиновниктен 5000 доллар алган алдамчы кармалды. Сүрөт

© Photo / Pexels / Tima MiroshnichenkoЗадержание подозреваемого в мошенничестве
Задержание подозреваемого в мошенничестве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Аткаминерден ири суммада акча алган жаран аны ээлеген кызматында калтырып, ордун бекемдеп берүүнү убадалаган.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун жакын тууганымын деп ири суммада акча алып, кызмат маселесин чечүүгө убада берип жүргөн алдамчы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. 
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРШектүү
Задержание подозреваемого в мошенничестве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Шектүү
Билдирүүгө ылайык, өзүн Ш.Н.Р. деп тааныштырган жаран алдамчылык жол менен Каракол шаарындагы мамлекеттик мекеменин К.Т.С. аттуу жетекчисинен 5000 доллар жана 45 миң сом алган. Ал үчүн аткаминерди ээлеген кызматында калтырып, ордун бекемдеп берүүнү убадалаган.
Осторожно! В Кыргызстане изъяли тысячи фальшивых евро — видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Кыргызстанда миңдеген жасалма евро сатууга аракет кылгандар кармалды. Видео
Аталган факт боюнча 204-берене ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү 4-июнда колго түшүп, Каракол шаардык милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына киргизилди. Азыркы тапта бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө жүрүп жатат.
УКМК мамлекеттик жогорку кызматтагылардын атын жамынып кылмыштуу иштерге баргандарга карата катаал чара колдонуларын эскертет.
Ушул сыяктуу алдамчылыкка кабылгандар болсо атайын кызматтын нөөмөт бөлүмүнө чалуу сунушталат. Телефон номерлери: 0312-62-05-85, 0312-66-04-75.
Жаңылыктар түрмөгү
0