Шамал жерге кулатыптыр. Ташиев тик учактын кантип кырсыктаганын айтты. Видео

Ситуация у села Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Камчыбек Ташиевдин айтымында, эки тоонун ортосундагы катуу шамалдан улам тик учак кырсыкка учураган.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ аны Чоң-Алайга коштоп бараткан тик учак эмнеден кырсыкка кабылганы туурасында айтып берди.
Анын видеосу ЭлТР мамлекеттик телеканалынын YouTube баракчасына жүктөлдү.
УКМК башчынын айтымында, эки тоонун ортосунда катуу шамалдан улам тик учак кырсыкка кептелген.
"Бишкектен эки тик учак менен жолго чыкканбыз, жакшы эле келе жатканбыз. Кокустук экен, артыбыздан эле учуп келаткан, аны өзүм да көргөм. Кийин эле жок болуп кетти. Көрсө, эки тоонун ортосуна киргенде катуу шамал болуп мотордун күчү жетпей калыптыр. Анан шамал сүрүп-сүрүп алып барып жерге кулатыптыр", — деди Ташиев.
Президенттин кортежиндеги унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Садыр Жапаровдун кортежиндеги унаа кырсыктап, УКМКнын өкүлү каза болду
Белгилей кетсек, кечээ, 4-июнда, Чоң-Алайды көздөй бараткан аскердик тик учак авариялык абалдан улам конууга аргасыз болгон. Ал Ош облусуна караштуу Араван районунун Кичи-Алай айылына түшкөн. Коргоо министрлиги конуу учурунда тик учактан өрт чыгып кеткенин маалымдаган. Бортто экипаж менен кошо 15 адам болгон, 14ү Ош облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган. Бирөөнүн абалы оор деп бааланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0