9-кызматтын башчысы операция болот. Жапаровдун кортежинде кырсыктагандардын абалы

© AFP / CHANDAN KHANNAМедицинская косметологическая больница Хуамей в Шанхае
Медицинская косметологическая больница Хуамей в Шанхае - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Жол кырсык кечээ, 4-июнда, президент Садыр Жапаров Ысык-Көлгө бара жатканда болгон. Кортеждеги алты киши жаракат алып, бирөө көз жумган.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежиндеги кырсыктаган автоунаада жабыркагандардын абалы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев айтып берди.
Ситуация у села Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Шамал жерге кулатыптыр. Ташиев тик учактын кантип кырсыктаганын айтты. Видео
Министрдин айтымында, жаракат алгандардын арасындагы УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси да бар.
"Кечээ күнү эки кишини Бишкекке алып келгенбиз. Анын бири — УКМКнын 9-кызматынын начальниги. Акыреги сыныптыр, биринчи күнү операция болот. Бүгүн дагы бир кишини Бишкекке санавиация менен алып келе жатабыз. Ал кан басымы түшүп, травмалык шок алган, денесинде оор жаракат жок. Калгандары жеңил жаракат алган, жалпысынан бардыгынын абалы жакшы. Жабыркагандардын арасында бир аял киши бар", — деди министр.
Министр көз жумган кызматкер Садыр Жапаровдун дарыгери болгонун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0