Унаадан ыргып кеткен. Жапаровдун кортежинде көз жумган УКМК дарыгери боюнча маалымат

© REUTERS / Hannah McKay / PoolСитуация в Великобритании из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Великобритании из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Каргашада көз жумган кызматкер УКМКнын 9-кызматынын дарыгери, 37 жаштагы ортопед-травматолог Илгиз Усубалиев экени белгилүү болду.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Садыр Жапаровдун кортежиндеги жол кырсыктан көз жумган УКМК 9-кызматынын кызматкери президенттин дарыгери болгон. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев айтып берди.
Эске салсак, кырсык кечээ Садыр Жапаров Ысык-Көлгө барганда болгон. Анын кортежиндеги автокөлүк Ананьево айылына жакын жердеги жолдон каршы тилкеге чыгып кеткен машина менен кагышкан. Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыга калган автоунаанын айдоочусу мас болгон. Анын кесепетинен кортеждеги алты киши жабыркап, УКМКнын бир кызматкери каза тапкан.
Министр Бейшеналиев көз жумган кызматкер УКМКнын 9-кызматынын дарыгери, 37 жаштагы ортопед-травматолог Илгиз Усубалиев экенин билдирди.
"Каза болгон кызматкер дарыгер болчу. Мага да жакын эле, азыр тажиясынан келе жатабыз. Артында аялы, эки эркек баласы, бир кызы калды. Ата-энеси тирүү, агасы сегиз ай мурда коронавирустан каза болуптур. Куран окутсак эне-атасы ыйлап отурат", — деди саламаттык сактоо министри.
Медицинская косметологическая больница Хуамей в Шанхае - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
9-кызматтын башчысы операция болот. Жапаровдун кортежинде кырсыктагандардын абалы
Бейшеналиев көз жумган Усубалиев жашап кетүүгө мүмкүн болбой калган жаракаттарды алганын айтты.
"Ал ошол жерден эле каза болуптур. Машина оодарылганда маңдайкы терезени сүзүп, он беш метр аралыкка ыргып, жерге сүрүлүптүр. Жаракаттары оор болгон", — деди Бейшеналиев.
Министр кесиптеши Усубалиев эки жылдан бери УКМКнын 9-бөлүмүндө иштеп келе жатканын, ага чейин Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда эмгектенгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0