Баткенде базардагы эл уурулукка айыпталган кишини түркүккө байлап салган. Видео

CC BY 2.0 / Gabriel Flores Romero / UniónСлучаи похищения людей
Случаи похищения людей - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы кечээ эртең менен мал базарда 144 миң сом акчасын уурдаткан киши арыз жазганын билдирди.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Баткенде мал базарда топтошкондор эркек кишини уурулукка айыптап түркүккө байлап салышкан. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Кадрлардан мал саткан базарда эл ортодогу түркүккө эркек кишини байлап, нааразы болуп жатканын көрүүгө болот.
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Нарында карыяны "мүрзөдө өлтүрөбүз" деп коркуткандардын ким экени такталды. Сүрөт
Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы мал базарда акча уурдагандар кармалганын билдирди. Окуя Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында "Баяман-Баатыр" базарында 4-июнь күнү эртең менен болгон. Анда милицияга арыз жазган 34 жаштагы киши мал базарда көтөрүп жүргөн сумкасынан белгисиз адамдар 144 миң сом акчасын уурдагандыгын айткан.
Бул факты Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Натыйжада Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 38 жаштагы жана 29 жаштагы тургундары кармалып, уурдалган акча ээсине кайтарылган.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоо жайында, тергөө иштери жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0