Жапаровдун кортежи катышкан жол кырсыгы. Башкы прокуратура иш козгоду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчысын кортежи. Архив
Мамлекет башчысын кортежи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Аталган ишти Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы иликтөөдө. Анын жыйынтыгы боюнча күнөөлүү делген тарапка юридикалык баа бериле турганы айтылды.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежи катышкан Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы боюнча иш козголду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, факт боюнча иш кырсык болгон күнү эле, 4-июнда, Жазык кодексинин 297-беренеси ("Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу") боюнча козголгон. Аталган ишти Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы иликтөөдө. Анын жыйынтыгы боюнча күнөөлүү делген тарапка юридикалык баа бериле турганы айтылды.
Ситуация в Великобритании из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Унаадан ыргып кеткен. Жапаровдун кортежинде көз жумган УКМК дарыгери боюнча маалымат
Кырсык 4-июнь күнү болгон. Кортеждеги автоунаа Ананьево айылына жакын жердеги жолдон каршы тилкеге чыгып кеткен автокөлүк менен кагышкан. Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыга калган унаанын айдоочусу мас болгон. Анын кесепетинен кортеждеги алты киши жабыркап, УКМКнын бир кызматкери каза тапкан.
Министрдин айтымында, жаракат алгандардын арасындагы УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси да бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0