Таңгакталган доллар, баңгизат, курал. УКМК Баткенде депутатты кармады. Сүрөт

356
(жаңыланган 12:30 09.06.2021)
Жергиликтүү кеңештин депутаты Тажикстан — Кыргызстан — Өзбекстан маршруту боюнча баңги каналын уюштуруп алганы айтылат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин О.М.Б. аттуу депутаты баңгизаттарды Тажикстандан Өзбекстандын аймагына Кыргызстан аркылуу өткөрүү үчүн туруктуу канал түзүп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

  • Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин О.М.Б. аттуу депутаты баңгизаттарды Тажикстандан Өзбекстандын аймагына Кыргызстан аркылуу өткөрүү үчүн туруктуу канал түзүп алгандыгы аныкталды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Депутат 7-июнда Кадамжай шаарында жүргүзүлгөн атайын операцияда баңгизаттардын кезектеги партиясын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Анын жашаган жерин тинтүүдө 9 килограммдан ашык чийки апийим, төрт килограмм нашаа, 37,5 килограмм кара куурай, ошондой эле уруксат кагазы жок бир курал, 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 миң сом акча каражаттары табылып алынды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Айылдык кеңештин депутатынан тышкары дагы эки адам Баткен шаарынын ички ичтер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Учурда Тажикстандын жарандарынын ичинен баңги каналдын уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүүдө.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 5
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин О.М.Б. аттуу депутаты баңгизаттарды Тажикстандан Өзбекстандын аймагына Кыргызстан аркылуу өткөрүү үчүн туруктуу канал түзүп алгандыгы аныкталды

Депутат 7-июнда Кадамжай шаарында жүргүзүлгөн атайын операцияда баңгизаттардын кезектеги партиясын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

"Анын жашаган жерин тинтүүдө 9 килограммдан ашык чийки апийим, төрт килограмм нашаа, 37,5 килограмм кара куурай, ошондой эле уруксат кагазы жок бир курал, 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 миң сом акча каражаттары табылып алынды", — деп айтылат маалыматта.

Айылдык кеңештин депутатынан тышкары дагы эки адам Баткен шаарынын ички ичтер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда Тажикстандын жарандарынын ичинен баңги каналдын уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүүдө.

356
Белгилер:
кармоо, депутат, УКМК, Баткен
Тема боюнча
УКМК: Бишкек мэриясындагы ишкананын эсепчиси пара берип жатканда кармалды
Чек арачы. Архив

Сөөк ашуусундагы жол кырсыкта бир чек арачы каза болду

99
(жаңыланган 12:28 24.06.2021)
Окуя кечээ, 23-июнь күнү, Ысык-Көл облусунда болгон. Айдоочу Сөөк ашуусунда бара жатканда рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматынын аскери кызматтык милдетин аткарып жүрүп жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Кырсык кечээ, 23-июнь күнү, Ысык-Көл облусунда болгон.

"Коюлган тапшырманы аткаруу үчүн үч аскер жүк ташуучу автоунаа менен жүк алып бара жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу Сөөк ашуусунда рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен. Кесепетинде айдоочу ооруканага жетпей жолдо каза болуп, эки аскер ар кандай жаракат алды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жол кырсыгы боюнча тергөө иштери башталып, окуя кандай жагдайда болгону такталып жатат.

99
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, Аскер, чек ара, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
15 жаштагы бала айдап... Ноокаттагы 6 киши көз жумган кырсыктын чоо-жайы
Медициналык кызматкер иш учурунда. Архив

Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө көз жумган өспүрүм. Эки экспертиза дайындалды

39
(жаңыланган 11:31 24.06.2021)
Чүй милициясы жакынкы күндөрү экспертизанын жыйынтыгы чыгып, натыйжада окуяга юридикалык баа берилерин айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө 13 жашар Игорь Якуниндин каза болушу боюнча соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бардык тергөө иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү экспертизанын жыйынтыгы чыгып, натыйжада окуяга юридикалык баа берилмекчи.

Ишти ИИМ жетекчилиги көзөмөлгө алганы белгиленди. Бул факт боюнча материалдар Чүй милициясынын тергөө кызматында, сотко чейинки процесстер уланууда.

Эске салсак, балдар үйүнүн 13 жаштагы тарбиялануучусунун каза тапканы тууралуу маалымат мындан эки жума мурда тараган. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. 2-июнда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар болгон. Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынан четтетүү тууралуу кат жолдогон.

Маркумдун агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жолдоп, бул иштин тергелишин өзүнүн көзөмөлүнө алууну суранган. Кайрылуусунда иниси токмок жеп каза болду деген ой болуп жаткандыгын айткан.

Балдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди.

39
Белгилер:
Военно-Антоновка, Чүй облусу, экспертиза, милиция, өспүрүм, балдар үйү
Тема боюнча
15 жаштагы бала айдап... Ноокаттагы 6 киши көз жумган кырсыктын чоо-жайы
Жалал-Абадда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган баннерлер илинди

Жалал-Абад: жол кырсыктарын алдын алуу үчүн баннерлер илинип, кеңештер айтылды

0
(жаңыланган 15:08 24.06.2021)
Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү акыркы мезгилде адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары көбөйгөнүн кабарлады.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жалал-Абадда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган баннерлер илинди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев билдирди.

  • Установка баннеров Установка баннеров призывающих водителей к осторожной езде в Джалал-Абадской области призывающих водителей к осторожной езде
    Жалал-Абадда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган баннерлер илинди
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Установка баннеров Установка баннеров призывающих водителей к осторожной езде в Джалал-Абадской области призывающих водителей к осторожной езде
    Акыркы мезгилде адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары көп катталып жатканы белгиленди
  • Установка баннеров Установка баннеров призывающих водителей к осторожной езде в Джалал-Абадской области призывающих водителей к осторожной езде
    Баннерлер демөөрчүлөр менен биргеликте илинди
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Установка баннеров Установка баннеров призывающих водителей к осторожной езде в Джалал-Абадской области призывающих водителей к осторожной езде
    Ошондой эле Жалал-Абаддын ЖКККБсы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактап жүрүүгө чакыруу менен бир катар кеңештерди берди: рулга отургандан кийин коопсуздук курун тагыныңыз жана жүргүнчүлөр да байлаганын текшериңиз.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Фото / Зульфия Тургунова
Жалал-Абадда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган баннерлер илинди

Акыркы мезгилде адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары көп катталып жатканы белгиленди. Баннерлер демөөрчүлөр менен биргеликте илинди. Ошондой эле Жалал-Абаддын ЖКККБсы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактап жүрүүгө чакыруу менен бир катар кеңештерди берди: рулга отургандан кийин коопсуздук курун тагыныңыз жана жүргүнчүлөр да байлаганын текшериңиз.

  • Кичинекей балдарды бою, салмагына жараша атайын ылайыкташтырылган олтургучка отургузуңуз;
  • ылдамдыктын чегин билип, аралыкты сактаңыз. Бул эрежелерди унутуу далай каргашага алып келерин статистика да көрсөтүүдө;
  • чарчап же өзүңүздү жаман сезип жатсаңыз рулга отурбаңыз. Ошондой эле ичимдик ичип алып автоунаа айдайм деп такыр ойлобоңуз, кесепети чоң;
  • унааны абайлап, эч нерсеге алаксыбай кылдаттык менен айдаңыз. Уюлдук телефон менен рулда баратып сүйлөшпөңүз;
  • жолду карап тыюу салынган аймактарга, жерлерге көңүл буруңуз;
  • унааңыздын техникалык абалына көз салыңыз, мүчүлүштүктөр болсо рулду башкарбаңыз;
  • автоунааңыздын ичинде биринчи жардам кутучасы (аптечка), караңгыда чагылышып турган жилет жана өрт өчүргүч болгону жакшы;
  • жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жол кооптуу жер экендигин унутпаңыз. Мындай жакка жакындаганда айдоочу ылдамдыгын алдын ала азайтып, өзүн колго алышы зарыл.
0
Белгилер:
автоунаа, айдоочу, кеңеш, баннер, жол кырсык, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Ысык-Көл милициясы эс алууга келген чет элдиктерге 7 кеңеш берди